Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Кыргызстандын Исламбаддагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы болгону кабарланды


Кыргызстандын Исламбаддагы элчилигинин имараты. Сүрөт мекеменин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Кыргызстандын Исламбаддагы элчилигинин имараты. Сүрөт мекеменин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Пакистандын бир катар маалымат каражаттары 18-майда Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өткөнүн кабарлады.

Акциянын катышуучулары Бишкектеги тополоңдо пакистандык студенттер зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу кабарлардан улам тынчсызданып жатканын билдиришти. Дипломатиялык мекеменин алдына “Жамаат-и-Ислами” партиясынын өкүлдөрү да чыкканын Aaj News агенттиги жазды. Маалыматка караганда, митинг маалында элчиликтин алдында полиция кызматкерлери көбөйүп, имаратты тикенек зым менен курчап чыгышты.

Митингге чыккандар полиция аркылуу элчиликке талаптары жазылган кат тапшыргандан кийин таркашты. Алар талаптары аткарылбаса кайра топтолушарын эскертишти. Кандай талаптар экени так айтылган жок.

Маалыматты “Жамаат-и-Ислами” партиясынын лидери Хафиз Наимур Рехман да ырастап, Кыргызстандагы пакистандык студенттер кабылган кысымды айыптады.

18-майга караган түнү Бишкектеги башаламандыкта жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, кайрылгандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги үч адам ооруканага жаткырылганын билдирди. Жаагынан жабыркаган пакистандык жаранга операция жасалары айтылды.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам мушташканы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургундун экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иш алып барууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG