Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:11

17-май: Чуулуу видеодон кийинки талкуу, Казакстандагы бийликке нааразылык


Президент Садыр Жапаров менен Исхак Масалиев Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган иш-чарада.
Президент Садыр Жапаров менен Исхак Масалиев Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган иш-чарада.

17-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент чуулуу видео боюнча дагы комментарий берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, алтын тартылган видео жана агасы Сабыр Жапаровдун аты аралашкан сөздөрдү кайрадан комментарийледи. Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин аткезчилик менен өлкөдөн чыгарылды делген видео боюнча “өкмөт кызыгып, текшерип коюшу керек эле” деген сынына жооп берип, “мен сөзүмдүн башында “шектүү шекшинет” деген кыргызда жакшы сөз бар деп айттым го. Анын сыңарындай, менин бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же “казиношник” эмес” деди. Исхак Масалиев социалдык тармактарда тараган тасманы тыкыр иликтеп коюш керек экенин гана айтканын, президенттин “ууру” деген сөзү катуу тийгенин айтты.

Сот “Клооптун” арызын кароодон баш тартты

17-майда Бишкек шаардык соту “Kloop Media” коомдук фондун жоюу тууралуу Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечимге каршы берилген апелляциялык арызды кароодон баш тартты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Kloop Media” порталынын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирип, судья арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтиргенин билдирди. Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Kloop Media” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.

Быйыл төрт айда жол кырсыктары 4% көбөйдү

Быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4% көбөйдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 17-майдагы кеңешмесинде айтылды. Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, өлкөдө жол кырсыктарынын 92% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.

Абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алынат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат. Акча абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоого, абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртууга, турак жайларды жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүүгө, Бишкекти жашылдандыруу жана шаардын ирригациялык системасын оңдоого жумшалат. Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет.

БУУ сотунда Газа боюнча чукул өтүнүч каралат

Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сотунда Газадагы атышууну токтотуу тууралуу чукул өтүнүч каралат. Мындай өтүнүч менен сотко Түштүк Африка өлкөсү кайрылган. The Associated Press (AP) агенттиги маалымдагандай, бүгүнкү отурумда сөз Израилге берилет, ал геноцид боюнча айыптоолорго жооп бериши керек. БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту Газа маселеси боюнча ушуну менен үчүнчү жолу чогулууда. Түштүк Африканын арызы былтыр декабрда берилген. 16-майда Түштүк Африка сотко Газадагы кырдаал "үрөй учургудай жаңы стадияга" жеткенин кабарлап, 15 судьядан турган курамды чукул чара көрүүгө чакырды. Январь айында судьялар Израилди Газа секторунда өлүмдү, кыйроолорду жана геноцидди болтурбоо үчүн бардык аракетин көрүшү зарыл деп милдеттендиришкен, бирок комиссия аскердик чабуулдарды токтотуу буйругун берген эмес. Сот Израилдин сектордогу операциясы ал жактагы палестиндер үчүн "реалдуу жана түз коркунуч" жаратып жатканын белгилеген.

Орусия үч шаар дрон чабуулуна кабылганын билдирди

Орусиянын бир катар аймактары жана оккупацияланган Крым жарым аралы 17-майга караган түнү жапырт дрон чабуулуна кабылды. Новороссийск шаарынын портунда жарылуу болгону, Туапседе мунай заводунда өрт тутанганы кабарланды. Жергиликтүү тургундардын эсебинде, түнү менен Новороссийскиде 35тей жарылуу болду. Телеграм-каналдар дрон чабуулу портко багытталганын жазышты. Орус бийлиги Краснодар аймагында жайгашкан Новороссийск шаары жана аннексияланган Крымдагы Севастополь калаасы дрондордун жапырт чабуулуна кабылганын билдирди. Андан тышкары Туапседеги мунай иштетүүчү завод учкучсуз аппараттардын соккусуна туш болгону, ал эми Белгороддо дрон автоунаага тийип, эне-бала мүрт кеткени кабарланды.

Москва: “Крокус Ситидеги” кол салууга шектелип кармалгандардын абактагы мөөнөтү узартылды

Сот Москванын сыртындагы Красногорск шаарында "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салууга шектелип кармалган төрт кишинин абактагы мөөнөтүн узартты. Соттун токтомуна ылайык, тажикстандын жарандары: Мухаммадсобир Файзов, Фаридуни Шамсиддин, Далержон Мирзоев жана Муродал Рачабализода 22-августка чейин абакта калды. Алар сотко абактагы кийими менен, колу-буту кишенделип жеткирилди. Кийинчерээк сот ушул эле иш боюнча дагы төрт шектүүнүн - Назримад Лутфулло, Жумахон Курбонов, Якубжон Юсуфзода жана Мухаммад Шарипзоданын абактагы мөөнөтүн узартты.
22-марттын кечинде "Крокус Сити Холл" борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болуп, 145 кишинни өмүрү кыйылган эле.

Казакстанда селден улам үй-жайынан ажырагандардын митинги уланууда

Атырау облусунда селден катуу жабыркаган Күлсары шаарынын тургундарынын нааразылык акциясы уланууда. Жүздөгөн кишилер сууда калган үйүн оңдоого же жаңысын курууга бийликтен жетиштүү жардам талап кылып 15-майда чогулуп, шаардын борбордук бөлүгүнө чатырларды тигишкен. Нааразылык акциясына чыккандар селдин айынан жараксыз болуп калган үйүнүн ордуна ар бир чарчы метри үчүн 400 миң теңге кенемте талап кылып, үйдү өкмөт куруп берет деген сунушка сапат маселесинен улам кооптонгондуктан каршылыгын айтып жатышат. Апрель айынын башында 66 миң калкы бар Күлсарыны сел каптап, миңдеген кишилер эвакуация болгон. Соңку маалымат боюнча, 3 миңдей үйдү суу каптаган, алардын 570и жараксыз жана жашаганга кооптуу абалда деп кабарланган.

XS
SM
MD
LG