Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Кыз-келиндер футболу боюнча дүйнө чемпионаты Бразилияда өтөт


ФИФА президенти Жанни Инфантино Бразилия футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионатын өткөрүү укугун утуп алганын жар салып жаткан учуру. Таиланд, Бангкок шаары. 17-май, 2024-жыл.
ФИФА президенти Жанни Инфантино Бразилия футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионатын өткөрүү укугун утуп алганын жар салып жаткан учуру. Таиланд, Бангкок шаары. 17-май, 2024-жыл.

Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионаты 2027-жылы Бразилияда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Таиланддын борбору Бангкокто өтүп жаткан Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 74-конгрессинде белгилүү болду.

Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионатынын өткөрүү үчүн Бразилия менен Белгия - Нидерландия - Германия биригип сунуш киргизген. Бирок Бразилия жалпы 119 добуш менен кыз-келиндердин мундиалын өткөрүү укугун утуп алды. Белгия - Нидерландия - Германия арызы 78 добуш алган. Ошентип, Бразилия аялдар арасындагы дүйнө чемпионатын өткөрө турган Түштүк Америкалык биринчи өлкө болмокчу. Бул футбол боюнча кыз-келиндердин 10-дүйнө чемпионаты болот.

Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионаты 1991-жылдан бери өткөрүлөт. Буга чейин мелдешке 16 команда катышып келген болсо, 2015-жылдан баштап 24 команда катыша баштаган. Былтыр Австралия менен Жаңы Зеландиядада өткөн дүйнө чемпионатында биринчи жолу 32 команда катышты. Бул чемпионатта Испаниянын кыз-келиндер курамасы жеңишке жеткен.

Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионатын АКШ төрт ирет уткан. Германиянын кыз-келиндер курамасы эки ирет жеңсе, Норвегия, Жапония жана Испания бирден чемпион болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG