Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Бишкекте акын, журналист Жолдошбек Зарлыкбеков эскерилүүдө


Журналист жана публицист Жолдошбек Зарлыкбековду эскерүү иш-чарасы. 15-май, 2024
Журналист жана публицист Жолдошбек Зарлыкбековду эскерүү иш-чарасы. 15-май, 2024

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада белгилүү акын, чыгаан журналист жана публицист Жолдошбек Зарлыкбековду эскерүү иш-чарасы өтүүдө.

Саамалыкта Зарлыкбековдун өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу видеобаян көрсөтүлүп, ырлары окулуп, баяндамалар жасалды. Иш-чарага калемгердин замандаштары, калемдештери жана жакындары катышууда.

Акын, журналист, публицист Жолдошбек Зарлыкбеков 2016-жылдын 10-майында 57 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Анын ыр китептери көзүнүн тирүүсүндө басылып чыкпаганы менен, маалымдоо каражаттары аркылуу өз окурмандарын таап, атын тааныта алган. Жолдошбек Зарлыкбеков элге кеңири таанылган “Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Агым” ж.б. мезгилдүү басылмаларда иштеп, өзүнүн кесипкөй журналист экендигин далилдеген. (MZh)

XS
SM
MD
LG