Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Төрт айда көк жөтөлгө чалдыккандар 1,5 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку 4,5 айда көк жөтөл оорусуна байланыштуу Республикалык инфекциялык ооруканасына кайрылгандардын саны 1524 кишини түздү. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев "Азаттыкка" билдирди. Дарыгерге кайрылгандардын 865и ооруканага жатып, дарыланып чыкты. Көк жөтөлдөн дарыланып чыккандардын басымдуу бөлүгү, 470тейи 1 жашка чейинки балдар. Калгандары 5-14 куракта. Алардын 55 % эмделген эмес.

Аалиевдин айтымында, 13-майда 25 бала кайрылып, 15и жаткырылган. Ушул тапта көк жөтөл менен жалпысынан 90 бейтап дарыланып жатат. Бир бала жандандыруу бөлүмүндө.

Бала көк жөтөлгө каршы бир жашка чыкканча үч жолу жана эки жашында бир жолу вакцина алышы керек. Дарыгерлердин айтымында, эмделгендердин илдетке чалдыгуу ыктымалдыгы аз болот.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун кайталап келет. Дарыгерлер соңку жылдары диний жана башка көз караштан улам балдарын эмдетпей жаткандар көбөйгөнүн айтууда.

Көк жөтөл ( фр. coqueluche; лат. Pertussis)— балдардын катуу кармаган жугуштуу дарты. Айрым учурда чоң кишилер да ооруйт. Оору башталгандан бир айга чейин жугуштуу болот. Бактерия козгогон көк жөтөл оорулуу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө абага тараган чачырандылар аркылуу жугат.

Оору адатта 6-7 жумага созулат, жөтөлүп, айрым учурда эти бир аз ысып, мурун бүтөт. Жөтөл бара-бара, айрыкча түнкүсүн күчөйт. 2—3-жумада көгөрүп, эрип жөтөлөт, кусуп да жиберет. (KE)

XS
SM
MD
LG