Ош шаарындагы кароосуз калган балдардын "Лотос" интернатынын тарбиялануучуларын "имараты авариялык абалда" деген негиз менен мэрия "Боорукердик" карылар үйүнө жайгаштырган. Бул тууралуу айтып чыккан "Балдар укугун коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова ал жерде балдарга орой мамиле жасалып, ыдык көрсөтүлгөнүн да билдирген.
Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү бул маалыматты текшерүү үчүн “Боорукердикке” жана “Лотоско” барып, мониторинг жүргүздү. "Лотос" балдар үйүнүн 9 тарбиялануучусу кыш мезгилинде “Боорукердик” карылар үйүнө убактылуу жайгаштырылганын аныктады.
Омбудсмендин маалыматына караганда, 28-мартта балдарга өзүнчө имарат берилип, “Лотостун” тарбиялануучулары карылар үйүнөн бөлүнүп чыккан.
Акыйкатчынын кызматкерлери барган учурда милиция да териштирүү жүргүзүп жатканы, кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген карыя мурда соттолгон, барар жери жок, “Боорукердик” үйүндө өткөн жылдын август айынан бери жашап келе жатканы аныкталган.
Мекеме билдиргендей, аталган карылар үйүнүн короосундагы имаратта дагы бир балдар үйү жайгашкан, анда 30га жакын жетим жана кароосуз калган бала тарбияланууда. Бул эки жайдын бир короодо жайгашуусуна жол берилбеши керектиги, акыйкатчынын басма сөз кызматы белгилегендей, тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирилген.
Маселени акыйкатчы Жамила Жаманбаева да көтөрүп, Кыргызстандын мыйзамдарында балдарды жана улгайган адамдарды чогуу кармоочу социалдык мекеме каралбаганын эскерткен. Ал Ош шаарынын мэриясын көйгөйдү тезинен чечүүгө чакырган.
“Лотос” балдар үйүнүн чатырын 2024-жылдын июнь айында катуу шамал учуруп кеткендиктен бул жай убактылуу жабылган, балдар Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы фостердик үй-бүлөгө көчүрүлгөн.
Шарт жоктугунан улам ошол эле жылдын ноябрында 9 бала "Боорукердик" карыялар үйүнө жайгаштырылган. (ZKo)
Шерине