Кыргызгидромет кызматы 15-майда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 31...36;
Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36;
Ысык-Көл облусунда тункүсүн 9...14, күндүз 23...28;
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 25...20 градус жылыйт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15...17, күндүз 34...36 градус жылуу болот.