Алты жыл мурун 100 жашында дүйнө салган ардагер Кожоке Мамбеталиевдин өмүр жолу өзгөчө болгон. Ал 1918-жылы Талас районунун Арал айылында туулган. Экинчи дүйнөлүк согушка биринчи күндөрүнөн баштап катышкан.
21 жаштагы жигит 1939-жылы СССР менен Финляндия согушуп турган чакта аскерге чакырылат, бирок согуш аяктап калат. Анан 2 жыл аскердик окуу жайда окуп, офицер болот. 1941-жылы согуш башталганда бат эле душмандын колуна түшүп калат. Туткунда мал багып, окоп казып жүрөт.
"Атам 15 жылдай үй бетин көрбөптүр"
Адам чыдагыс шартта төрт жылга жакын отурган жоокер качып чыгууга үлгүрөт. Бирок тагдырдын сыноосу муну менен эле бүтпөй, туткундан бошонуп келгендерди чыккынчы катары караган советтик бийликтин куугунтугуна кабылат. Согуш бүткөн соң, туткунда жүргөнү 1946-жылы билинип, 25 жылга сүргүнгө айдалган. Сибирде карагай кесип, 5 жыл жүргөн. Сталин өлгөндөн кийин Советтер Союзундагы көпчүлүк туткундар катарында акталган.
"Атамдын өзүнүн айтуусу боюнча, Власовдун армиясында туткунга түшкөн экен. Туткундан көрбөгөн азапты көрүп, концлагерден концлагерге түшүптүр. Акырында бир немис кемпирдин карамагында жүргөн экен. 1945-жылы туткундан бошонуп, качып чыгып, советтик армиянын катарына кайра кошулуптур. Жеңишти 1945-жылы 9-майды Берлинде тосуптур. 1946-жылы согуштан келип, эки жылдан кийин кайра туткунда болгону үчүн соттолуп, Сибирге сүргүнгө барган. Негизи 25-40 жылга кесилген экен. Абакта 5 жыл отуруп, 1953-жылы мунапыс менен бошонуптур. Ошондо 1939-жылы кетип, 1946-жылы келсе, жалпысынан 15 жылдай талаалап жүргөн. Бир туруп немистердин концлагеринде, бир туруп Советтер Союзунун азаптарын көргөн экен. Кийин айылга келген. "Ушул сарайда мал баккыла, кыргыз мал багыш керек" деп бизди тарбиялаган.
"Азамат Алтай менен кездешиптир"
Кожоке Мамбеталиев немистик туткунда жүргөн учурда белгилүү казак саясий ишмери Мустафа Чокай жана кыргызстандык айдың, “Азаттык” радиосун түптөгөн Азамат Алтай менен кездешкен учурун 2011-жылы "Азаттыктын" кабарчысына айтып берген эле.
Мустафа Чокайдын алдына бир түрк жигити аркылуу барып, офицердик даражага жеткенин эскерген:
"Ошентип, баягы жигит Мустафага алып барды. Ошо кезде 70тен ашып калган киши экен, “отур кыргыз, адам болосуңбу?” - деп сурады. Дароо "болом" дедим. Анан бирөөнү чакырып, тигилерге кош деди. Барсам, алты-жети жигит бар экен, арасында кыргыздар, өзбектер да бар. Азамат Алтай дагы бар экен. Бизди анан 3-4 ай немистин офицер курсуна окутту. Анан лейтенант деген наам берип туруп, кызыл короздой кылып кийинтип, бөлүштүргөндө, үнүм бийик жигит элем, мени ошондо экспедитор кылып койду. Ошондо ага лейтенант деген наамга жеттим. Анан 1944-жылы немистер качкандан кийин, Чыгыш Германиядан азыркы Калинин облусу аркылуу бул тарапка өтүп келдик", - деп көзү тирүүсүндө "Азаттыкка" айтып берген.
Азамат Алтай менен да бирге жүргөнүн мындайча эскерген:
"Азамат Алтай жеткен билимдүү жигит болчу. Кыргыздын жери, эли деп жүрүп өттү кайран жигит. Өзүнүн аты Кожомберди эле. Аны менен да бир аз иштешип калгам".
"Атам кумшекер, картошка жебей өттү"
Райкан Кожоке уулу атасы фашисттердин туткунунда көргөн күндөрүн, кийин Сибирде кандай азап чеккенин эскергенде аргасыздан көзүнө жаш алганын айтат. Алгач туткундагы, кийин советтик сүргүндүн ачуу тагы аксакалды өмүр бою коштоп жүргөн экен.
"Атам жаздын күнүндө кадимки каакым терип жечү экен. Чөп жеп аман калганын айтчу. Кыргыздар кайсы чөптү жесе болорун бала кезинен билчү экен. Ал эми кавказдыктар чөп жеп, ичи өтүп, көбү кырылганын айтып калчу. Концлагерден ар кандай жумушка салган экен. Атам кумшекер жечү эмес. Анткени бир кампадан кумшекер жүктөшүптүр. Баары ачка да, анан оозуна кумшекерден улам толтуруп, курсак тойгузуп жүргөн экен. Анан картошка жечү эмес. Дагы бир кампадан картошка түшүрүп иштегенде чийки картошка, кызылчаны да жешкен экен азаптан".
Сталиндик сүргүндөн кайткан соң Кожоке Мамбеталиев колхоздо эмгектенген. Аны менен иштешип калган облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев Кожоке аксакалды мындайча эскерди:
"Мен кийин колхоздо иштеп жүргөн мезгилимде таанып калдым. Ал туткунга түшүп концлагерде иштеп жүргөн мезгилде мыкты балдарды чочко бактырып, уй бактырып, ошолордун баарын көзөмөлдөгөн. Ошентип отуруп, акырындык менен алардын башын кошуп, экиден-үчтөн качырып, ордуна башкаларды коюп, көп адамды сактап калыптыр. Алардын баары аман-эсен союзга келишкен экен качып. Анан кийинчерээк бардык жаманаттыдан кутулган. Токсондон ашкандан кийин кайтыш болду. Карыса да, акылдан тайган жок. Акыл кеңешин айтып, балдарын тарбиялады. Эл-журтун ынтымакка чакырган мыкты инсан болчу".
Согуштан кайткан соң айлына келип, үйлөнөт. Бирок сталиндик куугунтукка кабылган учурда колуктусу Сибирге чейин издеп барганы Кожоке аксакалдын жеке жашоосундагы маанилүү окуялардын бири болгон.
"Атамдын апасы, чоң апабыз, 3 карындашы бар экен. Туугандары болду эми, Кожоке келбейт, 40 жылга соттолду деп ойлошчу экен. Апам болсо атамдан 14 жаш кичүү жаш келин. Атамды көрөм, анын өлүү-тирүүсүн билем деп аркасынан Сибирге барган экен. Сибирге жетип, атама учурашып, эки жума чогуу туруп, анан кайра келген экен. Анан ошол убактагы элдин тартибин, ыйманын карабайсызбы, атамды күтүп, ошол жерге барып, кайра келип, атамдын апасын үч карындашын карап, 40 жылга соттолуп кетти десе да күткөн да".
Кожоке ата жаштайынан баш бошкон жубайы экөө жети уул-кызды тарбиялап өстүргөн.
Ардагер 2017-жылы 100 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартына карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды.