Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-апрелде кабыл алган. Ага ылайык, “Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
“Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын азыркы редакциясынын 24-беренесинин (“Аукционду өткөрүү тартиби”) 5-пунктунда “Жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекетке үлүштү сунуш кылган талапкер аукциондун жеңүүчүсү деп эсептелет. Бериле турган үлүштүн өлчөмүн аныктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети белгилейт” деп жазылган.
Бул пункт “Аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуштаган талапкер эсептелет. Ири жана орто алтын, күмүш кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекетке үлүштү сунуштаган талапкер эсептелет. Өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан белгиленет” деп өзгөртүлүүдө.
Жаңы мыйзам ошондой эле тиешелүү мыйзамдарга “биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер Министрлер кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн” деген беренени да киргизүүнү камтыйт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги быйыл февралда Кыргызстанда кайрадан уран кенин казууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Ал 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.
“Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдын иштеп жаткан редакциясында бул аймактардын катарына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, флоранын жана фаунанын объекттеринин ар түрдүүлүгү, Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөрү, жаратылыш жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси, туристтик, курорттук-рекреациялык комплекси жана башка жайларды камтыган зоналар кирет.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.
Мындан сырткары өлкөдө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу, 13 мамлекеттик жаратылыш паркы жана 63 убактылуу коругу (заказник) бар. (ErN)