Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

УКМК төрагасы түнкү клуб иштеткендерге эскертүү берди


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб иштеткендерге маңзаттарга байланыштуу эскертүү берди.

Ал конкреттүү бир мисалды айтпаганы менен, акыркы кездери рейддердин алкагында түнкү клубдарда маңзаттары табылганын, көбү синтетикалык кошулмалар экенин билдирди.

Ташиев бул тууралуу 4-майда Фейсбукка жазып, баңги заттарынын кайсыл гана түрү болбосун түнкү клубдарга алып кирүүгө, сатууга жол берилбей турганын эскертти. Мындай учурлар катталса, клуб иштеткендерге жана ээлерине мыйзамдуу чара көрүлөрүн кошумчалады.

УКМК бир апта мурун Бишкекте наркы 500 миң долларга бааланган ири көлөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылганын кабарлаган.

Анын алдында Ташиев Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарына барганда маңзатты колдонуу, сатуу жана таратуу чоң көйгөйгө айланганын белгилеген. Бул билдирүүдөн кийин Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте бир катар түнкү клубдарга рейд жасаган. Социалдык тармактарда милиция мындай жайларга келгендерге ашкере күч колдонуп, орой мамиле жасаганы тууралуу даттануулар болгон. Милиция мындай текшерүүлөр дагы улантыларын эскерткен.

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жыл ичинде манзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлган. Үч жыл ичинде маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.

Мыйзамдарга ылайык, маңзат соодасына аралашкандарга мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу өңдүү жаза каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG