Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында 20-апрелден 23-апрелге чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Кыргызстандын аймагында 67 сел каптаган учур катталган. Андан 1092 турак жайды суу каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөлөрүнүн ичине сел кирген. Эки адам каза тапкан.