Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:07

Бишкек-Баку: Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйыны өтүүдө


Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйыны башталды. Ага эки өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Илхам Алиев катышууда. Бул тууралуу Азербайжан президентинин сайтына жазылды. Жыйында талкуулана турган маселелер тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

24-апрелде Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барды. Эки лидердин расмий жолугушуусу “Зугулба” резиденциясында өткөнүн Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки күндүк сапардын алкагында президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлмакчы.

Садыр Жапаровду бир нече министр, президенттин иш башкаруучусу, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы жана башкалар коштоп кетти.

Жапаров Бакуга былтыр 24-ноябрда да барып, Илхам Алиев менен жолугушкан. Андан бир ай мурда Илхам Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) саммитине катышуу үчүн Бишкекке келип кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG