Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Сербия жана Косово БУУ Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүү жасашты


Вьоса Османи.
Вьоса Османи.

Сербиянын жана Косовонун президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүүлөрдү жасашты. 22-апрелде 15 мүчөдөн турган кеңештин отурумунда БУУнун Косоводогу миссиясынын баяндамасы карала баштады.

Косово президенти Вьоса Османи Сербияны «Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдердин косоволук институттарга интеграция болушуна жол бербей жатат» деп, ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич «дүйнө бул аймакта жашаган сербдердин оор абалына жетиштүү көңүл бурбай келет» деп айтышты.

Османи Сербияны аймактагы серб коомчулугун «коркутуп-үркүтүп» жатат деп айыптап, мисал катары косоволук полиция кызматкерлеринин чек арадагы коопсуздук текшерүүсү деген шылтоо менен кармалган окуяны келтирди.

Вучич эл аралык коомчулук былтыр сентябрда косоволук полиция кызматкери өлүмгө дуушар болгон окуяга өзгөчө көңүл бурганын, ал эми серб коомчулугуна жасалган кол салууну көз жаздымда калтырганын айтты.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу. (RK)

XS
SM
MD
LG