Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

"Новая газета Европа" Рамзан Кадыровдун саламаттыгы начарлаганын жазды


Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров.
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров.

"Новая газета Европа" басылмасы Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятынын лидери Рамзан Кадыровдун саламаттыгы начарлап баратканын жазды. Маалыматка караганда, дарыгерлер Кадыровго "уйку безинин некрозу" деген диагноз коюшкан.

Чеченстандын башчысынын ден соолугунда маселе бар экени расмий түрдө кабарлана элек. Буга чейин айтылган маалыматтар четке кагылып келген.

Басылма Кремль Кадыровдун ордуна “Ахмат” атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Апти Алаудиновду тандаганын өз булактарына таянып жазган.

16-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Алаудиновду Коргоо министрлигинин Саясий-аскердик башкармалыгынын жетекчи орун басарлыгына дайындаган. Ал эми ага чейин, 18-декабрда Москвада өткөн “Единая Россия” партиясынын жыйынында Алаудиновго сөз берилген. Курултайда Путин бешинчи мөөнөткө көрсөтүлгөн. Ал президенттик шайлоодо Путиндин ишенимдүү адамдарынын бири болгон.

29 жашында карьерасын баштаган Алаудинов Ички иштер министрлигиндеги уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчилигинен баштап, министрдин орун басары кызматына чейин жеткен.

Ар кандай маалыматтарга ал оппозициячыл ишмерлерин жакындарын уруп-сабоого катышып, чет жакта Кадыровду сындагандарды коркутуп-үркүтүп келген. 2022-жылы Украинадагы согушка катышканы үчүн Путин Алаудиновго Орусиянын Баатыры наамын ыйгарган.

XS
SM
MD
LG