Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Рахмон Британияны “Батыш Европадагы эң маанилүү өнөктөш” деп атады


Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 22-апрель, 2024-жыл. Дүйшөмбү.
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 22-апрель, 2024-жыл. Дүйшөмбү.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Борбор Азия мамлекеттерине болгон турнесин 22-апрелде Тажикстандан баштады.

Кэмерон Тажикстандын тышкы иштер министри жана президенти менен жолукту. Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, жолугушууда Эмомали Рахмон Британияны “Батыш Европадагы эң маанилүү өнөктөш” деп атаган.

Билдирүүгө караганда, эки тарап бир катар багыттар боюнча алакаларды талкуулашкан.

The Independent басылмасы буга чейин кабарлагандай, “Кэмерон өз сапарында Орусияга салынган санкциялар бул аймак аркылуу айланып өтүшү мүмкүн деген кооптонуудан улам Борбор Азия-Британия кызматташтыгын кеңейтүүгө ниеттенип жатат”.

Орусия Украинага 2022-жылы февралда кеңири масштабдуу санкция согуш баштагандан бери Лондон Москвага катаал санкцияларды салып келет.

Батыш мамлекеттери буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүн Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардам бербөөнү бир нече ирет эскерткен.

АКШнын Каржы министрлиги буга байланыштуу Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы бир нече компанияга санкция салган.

Кыргыз бийлиги мурда Москванын параллель (жарыш) импорт деген схемасына катышып жатканын ишенимдүү түрдө четке кагып келген болсо, соңку кездери товардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөөнү күчөтүп жатканын билдирүүгө өткөн.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстанга 22-апрелдин кечинде келип, президент Садыр Жапаров менен жолугары күтүлүүдө. Бул британ тышкы иштер министринин Кыргызстанга алгачкы келиши.

Кэмерон ушул аптада чөлкөмдөгү беш өлкөнү жана Монголияны кыдырары күтүлүүдө.

Былтыр 28-29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондонго барып, отуздан ашык иш-чарага катышкан. Кыргыз делегациясы Дэвид Кэмерон, британ парламентинин депутаттары жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолуккан.

XS
SM
MD
LG