Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

Израил Ирандын дрон, ракеталарынын 99% жок кылынганын билдирди


"Шахед" дрону. Иран.
"Шахед" дрону. Иран.

The New York Times израилдик аткаминерлерге шилтеме кылып, түндө 185 "жанкечти" дрон, 36 канаттуу ракета жана "жер-жер" классындагы 110 ракета учурулганын жазды. Ракеталардын басымдуу бөлүгү Ирандан, азыраагы Ирак менен Йеменден учурулган.

Израилдин коргонуу армиясы ракеталардын 99% жок кылынганын, көпчүлүгү Израилдин аймагына жеткирилбей атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Коргонууга АКШ жана Британиянын куралдуу күчтөрү жардам берди. Ошондой эле Иорданиянын куралдуу күчтөрү да кошулганы кабарланды.

Иран Израилдеги бутага алынган жерлердин баары аткыланганын маалымдаса, Израил талкаланган жер жок экенин билдирүүдө. Маалыматтарга ылайык, Негев чөлүндөгү аскер базасы азыраак жабыркаган, курмандыктар жок. Атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктарынан жай тургундар жаракат алганы, алар ооруканага жаткырылганы маалымдалды.

Жекшембиге караган түнү Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку урду.

Тегеран муну 1-апрелде Дамаскидеги консулдугуна жасалган чабуулга жооп деп билдирди. Ирандын бийлиги бул үчүн Израилди айыптаган. Тель-Авив комментарий берген эмес.

Абадан коргонуу сиренасы жекшембиге караган түнү Израилдин түндүк жана түштүк аймактарына, Иерусалимде жаңырып турду.

Буга чейин Израилге Иран эмес, Тегеран колдогон Сирия, Ливан, Йемендеги аскердик топтор сокку уруп келген.

XS
SM
MD
LG