Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

Костанайда активист селден жабыркагандарды колдоо пикетин өткөрдү


Жрандык активист Анель Алигазина Казакстандагы суу ташкынга байланыштуу Костанайда пикет өткөрүүдө. 2024-жылдын 12-апрели. Сүрөт Qushtar кыймылыныкы.
Жрандык активист Анель Алигазина Казакстандагы суу ташкынга байланыштуу Костанайда пикет өткөрүүдө. 2024-жылдын 12-апрели. Сүрөт Qushtar кыймылыныкы.

Костанай шаарында Qushtar теңдик жана адам укуктары кыймылынын активисти Анель Алигазина селден жабыркагандарды колдоо пикетин өткөрдү.

Ал 12-апрелде түштөн кийин MART соода борборунун алдына чыкты.

Кыймылдын маалыматы боюнча, активист ал жерде бир сааттай болду. Анель колуна "Суу ташкыны - коррупциянын жыйынтыгы" деген плакат көтөрүп турду.

Акцияга журналисттер, ошондой эле бийлик өкүлдөрү, полиция формасындагы жана жөнөкөй кийимчен адамдар көз салып турушту.

Полиция жана акимчиликтин кызматкерлери Алигазинадан пикетти токтотууну талап кылышты. Көп өтпөй акция да жыйынтыкталды. Бийликтер эч кимди кармап, камакка алышкан жок, деп билдирди Qushtar.

"Эгерде өкмөт жылда жаз келген сайын суунун көтөрүлүшүнө алдын ала даярданса, табигый кырсыктын алдын алууга болот эле деп ишенебиз. Ошондой эле бийлик жапа чеккендерге гана эмес, суу каптоо коркунучунда турган шаарларга да көңүл бурушу зарыл деп эсептейбиз", деп айтылат кыймылдын билдирүүсүндө.

Жакында Костанайда Тобол дарыясы ташкындап, шаардын түштүгүндөгү үйлөрдү жана ишканаларды суу каптаган. Расмий маалыматтар боюнча, жүздөгөн үйлөрдү суу каптап, 10 миңге жакын адам эвакуацияланды. Убактылуу жайгаштыруу жайларында 700дөн ашык адам күн көрүп жатат.

Суу ташкыны башталгандан бери Казакстанда расмий түрдө эки адам (Күлсарыда) каза болуп, сегиз миңден ашык мал өлдү.

Алты аймакта төрт миңге жакын үйдү суу каптап, 100 миңге жакын адам эвакуацияланды. Убактылуу жайгаштыруу пункттарында ушул тапта 6586 адам бар.

Мындай суу каптоо Казакстанда акыркы 80 жылдан бери боло электиги айтылууда. Президент Касым-Жомарт Токаев селдин себептери катары тоң кете электе күндүн тез жылып, жаандын көп жаашын атаган.

XS
SM
MD
LG