Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:18

Украин парламенти мобилизация тууралуу мыйзам долбоорун жактырды


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Украин парламенти мобилизациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам бүгүн 11-апрелде Жогорку Радада экинчи, жыйынтыктоочу окууда каралып, кабыл алынды.

Ага «макул» деп добуш берген 283 депутат бийликтеги "Слуга народа" партиясынын жана башка бир катар фракциялардын өкүлдөрү болду.

Долбоордо үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин аскерден бошотуу тууралуу да жобо бар эле. Бирок аны Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Александр Сырскийдин өтүнүчү менен алып коюшканы белгилүү болду.

Демобилизация тууралуу мыйзам өзүнчө иштелип чыгары айтылды.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы согушуп келе жатат.

3-апрелде Зеленский аскерге 500 миң кишини мобилизациялоо зарылчылыгы азырынча жок экенин айткан. Бирок, анын белгилешинче, бул «адилеттик маселеси», анткени азыр согуш талаасында жүргөндөр нааразылык айтпаганын алар эс албашы же ордуна башкалар барбашы керек деп кабыл алуу туура эмес. Былтыр 19-декабрдагы пресс-конференцияда Зеленскийдин аскерге 500 миң кишини чакыруу тууралуу сунуш болуп жатканы жөнүндөгү билдирүүсү кызуу талкуу жараткан.

2-апрелде украин президенти аскерге мобилизациялоого 27 эмес, 25 жаштан алуу тууралуу мыйзамга кол койгон. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG