Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

"Жети энени эмнеге билбейбиз?". Зомбулукту жектеген өнөрпоздор


Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун "Жети эне" аталышындагы эмгеги.
Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун "Жети эне" аталышындагы эмгеги.

Соңку убактагы аялдарга карата зомбулуктар чыгармачыл чөйрөнү да түйшөлтүүдө. Кээ бир маданият өкүлдөрү зомбулукка каршы биргелешип күрөш жүргүзүүнү сунуштаса, айрымдары кылмыш жасагандарды оор жазага тартуу керектигин коңгуроо кагып жатышат.

"Коргой албай койдуңар"

Кордолуп далай сулуулар,
Кордоодо кыргыз уулуңар.
Көбөйүп барат негедир,
Кыздарга кылыч сунуулар.
Көрүп туруп мындайды,
Кой дебейт неге улуулар?
Кайталай берсе ушинтип,
Каадалуу кыргыз элине
Кара чийин сызылаар.
Кадырлуу кыргыз жигиттер,
Кайгырып кылган ишиңе,
Кайрылат мендей кызыңар!

Каратып туруп кыздарды
Канкорлорго ургуздуң.
Басмырлап кыргыз кыздарын,
Башкача сезим туйгуздуң.
Кара күчтүү аңгиге
Кандай мыйзам тургуздун?
Корголоп барып түрмөгө
Камалды деп киргиздиң.
Колундан келген иш ушул,
Кыргыздын аруу кызына,
Карасанатайлыгын билгиздиң.
Кыраандарым уккула,
Кордолгону кыздардын -
Кор болгону кыргыздын!

Көкүрөктө таарыныч,
Көнүлдөгү жыртыкты
Жамай албай койдуңар!
Карындаш, эже, кызыңды
Карай албай койдуңар!
Алсыз, баёо аялды
Аяй албай койдуңар!
Оюңардын жаманын
Оңдой албай койдуңар!
Келечегин улуттун
Ойлой албай койдуңар.
Бабалардын айтканын
Болжой албай койдуңар.
Кыргыз кызын жалпылап
Коргой албай койдуңар!

Кыргыз коомундагы аялзатына жасалып жаткан зордук-зомбулуктар тууралуу бул саптар - төкмө акын Жамайка Токонованын кайрылуу ырынан үзүндү.

Акын кыз буга чейин да бир нече айтыштарда, башка ырларда айымдардын, кыздардын эркектер тарабынан кордолуп жатканын ашкерелеп далай ырдаган.

Ал коомчулуктагы бардык көйгөйлөр, терс көрүнүштөр чыгармачыл адамдардын жүрөгүнөн өтөт дейт:

Жамайка Токонова.
Жамайка Токонова.

“Аялзатына болгон зордук-зомбулук акыркы кезде жүрөк өйүткөн маселелердин бири болуп калды. Мындай окуялар, тилекке каршы, көбөйүп кетти. Ошондуктан ушундай кайрылуу ырларды ырдайм. Бул менин адам катары дагы, аял катары дагы жана акын катары дагы позициям. Анан интернетте менин бул жааттагы ырларыма карата “эркектерди жамандап жүрүп акыры эрге тийдиң го”, “бул эркектерди жек көрөт” деген терс өңүттөгү пикирлер арбын, ошол эле учурда менин ырларымды колдоого алгандар дагы бар. Менин сахналаш акын агаларым деле “аялзатын коргошубуз керек” деп ырдап жүрүшөт. Бирок алар мырза катары оюн айтышат. Ал эми мен аял катары “биз силердин коргооңорго, мээримиңерге муктажбыз” деген жалпы аялзатына тиешелүү чакырык таштайм. Өзүм бактылуу болсом болду деп эле унчукпай олтуруп алганым жарабайт”.

Айымдардын коомдогу орду, аларга жасалып жаткан терс мамилени Жамайканын башка өнөрлөштөрү да айтыштарда ачуу сындап ырдап келет.

“Аялзат согулбасын, кагылбасын”

Жаш калемгер Баяман Нурбек да коомдогу терс көрүнүштөргө коңгуроо кылып, жарандык позициясын өзүнүн ырлары аркылуу байма-бай билдирип турат. Ал өткөн жумада мурдагы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон келиндин окуясынан кийин бир ырын жарыялады.

Ал аялынын бир тутам чачы үчүн дарга асылган Камчыбектин окуясын эске салып, бүгүнкү мырзаларды аялзатына аяр мамиле жасоого чакырган.

Чач үчүн ажалга тик караган кез
Оо бизден алда канча узак калып.
Өлүүдө азыр болсо кыз-келиндер
Колунан зөөкүрлөрдүн бычакталып.

Ар-намыс деген калбай дээрибизде,
Алсыз бир аялзатын кордойбузбу?
Айткыла, андай болсо как төбөдөн
Ант урган арам курсак болбойбузбу?

Төш кагып куру намыс канга сиңип,
Кай жолдо, кай багытта баратабыз?
Кор кылып жатсак эже-карындашты,
Эртең биз кандай эрдик жаратабыз?!

Жигиттер, аярлайлы аялзатын,
Ал — эжең, энең, кызың, карындашың.
Мейличи, дүйнө болсун астын-үстүн,
Аялзат согулбасын, кагылбасын!

Баяман Нурбек.
Баяман Нурбек.

“Акын Майрамкан Абылкасымованын “Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты” деген таамай саптар айтылган ыры бар го. Азыр көп кыздарыбыз айрым зөөкүрлөрдөн кордук көрүп, айрымдары мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат. Андыктан азыр маданият ишмерлери эле эмес, бардык чөйрөлөрдөгү адамдар жапа тырмак киришип, коомчулукка чакырык жасай бериш керек. Минтип батыл аракеттерди көрбөсөк, зомбулуктар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Биз аялзатын кордоп жатсак, эртең кандай келечек курабыз?”, – деди акын Баяман Нурбек.

"Энелерди даңазалай берем"

Ал эми сүрөтчү Залкар Эсенканов – коомчулуктагы орчундуу окуяларга кыл калем аркылуу позициясын билдирип келе жаткан өнөр ээси. Жеке көргөзмөлөрүндө коомдук-социалдык, саясий турмушту чагылдырган ар кыл темадагы сүрөттөрдү тартуулап келет. Муну менен катар энелерди, кыздарды даңазалап тарткан эмгектери да арбын. Аялзатын кордогон зомбулукка каршы мамилесин ал көркөм сүрөттөрүндө туюнтуп келет.

Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун эне темасындагы сүрөттөрүнүн бири.
Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун эне темасындагы сүрөттөрүнүн бири.

Эсенкановдун аялзатына арнап тарткан сүрөттөрүнүн ичинен үч эмгеги тууралуу кыскача кеп кылалы. Биринчи сүрөттө боз үй ичинде артына бала көтөргөн эне турат. Анын жанында жаргылчак, сок билек өңдүү буюм-тайымдар тартылган. Сүрөтчү кыргыз энелеринин түгөнбөгөн түйшүгүн корсөткүсү келген.

Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун эне темасындагы сүрөттөрүнүн бири.
Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун эне темасындагы сүрөттөрүнүн бири.

Экинчи сүрөттө эненин курсагындагы бала тартылган. Анын четинде Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдүн акча бирдиктеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн. Сүрөтчү анын мааниси түйүлдүктөн баштап, өмүр бою балам деп өткөнүн энелердин кадырын эч бир байлык менен өлчөө мүмкүн эмес экенин айткысы келген.

Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун эне темасындагы сүрөттөрүнүн бири.
Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун эне темасындагы сүрөттөрүнүн бири.

Ал эми үчүнчү сүрөттө ак элечек кийген жети эненин элеси түшүрүлгөн. Автор мунун мааниси тууралуу сөз кылды:

Залкар Эсенканов.
Залкар Эсенканов.

“Кыргызда жети ата деген өтө маанилүү эмеспи. Эмне үчүн жети атаңды билип, жети энеңди билбешиң керек? Биз ашып кетсе эки энебизди билип, анан андан аркысын унутат экенбиз. Көбүнөн сурадым, билбейт экен. Негизи жети энени да билиш керек. Анткени ата тараптан каныңды сүрүштүрүү кандай маанилүү болсо, кайсы эненин сүтүн эмгениң да ошондой эле маанилүү. Үрп-адат деген сөз ошондон айтылган да. Бул эненин эмчек сүтү аркылуу өткөн адат. Мен энелерди даңазалап эчен эмгек тарттым, алдыда дагы тарта берем. Жалпы коомчулукту да аялзатын терең урматтоого чакырам”.

Кыздарга болгон зордук-зомбулук тууралуу соңку учурда кино ишмерлери да тасма жарата баштады. Буга чейин режиссерлор Нуржамал Карамолдоева менен Султан Усувалиев кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекова тууралуу "Кийинкиси ким" аттуу даректүү тасма тартышкан. Андан кийин бул темада режиссер Мирлан Абдыкалыков да “Кыз ала качуу” аталышында көркөм тасма тартты.

"Зомбулук тууралуу тасма тартсам дейм"

Абдыкалыков эми үй-бүлөдөгү зордук зомбулук тууралуу тасма тартууну ойлонуп жатканын айтты:

Мирлан Абдыкалыков.
Мирлан Абдыкалыков.

"Биздин тасмада мажбурлап алып барылган жеринен үйүнө качып келген кыздын ата-энеси “кой кызым, кайра барыш керек” деген сөзү бар. Менимче, бул да зомбулукка жатат. Дегеле зомбулук өзү көбүнчө түшүнбөстүктөн улам болот го деп ойлойм. Азыр үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктар тууралуу да тасма жаратсамбы деген ойлор бар. Аны токтотуу үчүн ушинтип коомчулукка алып чыгып, кылмышкерлерди мыйзамдуу түрдө катуу жазалоо керек. Антпесе биздин коомдо кимдир бирөө аялын сабап койсо, он-он беш күндүк жазасын алат экен да, кайрадан жарашып жашап калышат экен. Анан кайра көнгөн адат кайталана берет. Алдыда зомбулуктун келип чыгуу себептери боюнча терең изилдеп чыгып, ага дайыма каршы күрөшүү абзел”.

Мындан сырткары Кыргызстандагы “ала качуу же адам уурдоо” көйгөйүн өзгөчө өңүтүнөн чагылдырган “Бурул” аттуу кыска метраждуу фильм тартылган. Анын автору кыргызстандык режиссер жана продюсер Адилет Каржоев тасма март айында Швециянын Мальмо шаарындагы BUFF жана Швейцариядагы Фрибур эл аралык кинофестивалдарына катышып жатканын "Азаттыкка" билдирген.

"Эркектер чечкиндүү кадам жасай элек"

Аялдардын укугу жаатында ырларды ырдап, жөө жүрүштөргө катышып келген ырчы жана активист Зере буларга токтолду:

Зере.
Зере.

"Мен феминизм тармагында изилдөө иштерин жүргүзүп жүргөнүмө алты жыл болуп калды. Бир канча чыгармаларды да ырдап чыктым. Жалпылап айтканда, ар тараптуу иштер жүрүп эле жатат. Өзгөчө аялдар бири-бирине жардам беришип, зордук-зомбулукка каршы бир топ натыйжалуу аракеттер болду. Бирок, тилекке каршы, эркектер тарабынан чечкиндүү кадамдарды мен көрө элекмин. Туура, блогерлер, чыгармачыл адамдар кулак кагыш кылып айтып жатышат, тасмалар тартылып жатат. Бирок эркектер тарабынан конструктивдүү түрдө диалогдордун башталганын же болуп жатканын мен көргөн жокмун. Алар чечкиндүү кадамдарды жасашы керек деген ойдоймун".

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары байма-бай катталып, айрымдары өлүм менен аяктайт. WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялаган. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

4-апрелде Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 34 жаштагы келин каза тапты. Кылмышка шек саналып анын 33 жаштагы күйөөсү кармалып, эки айга камалды. Кылмыш болгон күнү Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну өзү менен чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Ал аялды өлтүрүп, тогуз күндөн кийин сөөктү таштандыга ыргытып кеткен.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Тектеш

XS
SM
MD
LG