Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Кытай жана Орусия "стратегиялык кызматташтык бекемделерин" билдиришти


Сергей Лавров жана Ван И.
Сергей Лавров жана Ван И.

Кытай Орусия менен стратегиялык кызматташтыгын бекемдей турганын бүгүн 9-апрелде бул өлкөнүн тышкы иштер министри Ван И билдирди. Ал Бээжинге эки күндүк расмий сапар менен барган Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен жолугушуу өткөрдү.

Кытайдын тышкы саясий мекемесинин башчысы эки өлкө «чындык жана акыйкаттык» тарапта болушу керектигин айтты.

Анын орусиялык кесиптеши евразиялык коопсуздукту бекемдөө зарылдыгын айтып, Кытай менен Орусия «бул багытта башка да пикирлештерди тартуу боюнча диалог баштоону» макулдашканын кошумчалады.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин Батыштын көптөгөн өлкөлөрүнүн сынына жана айыптоосуна кабылган. Ал эми Кытай бийлиги аны менен кызматташтыгын арттыруу жолунда бара жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG