Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Казакстандагы суу ташкыны: Атырау облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Атырау облусунун аймагында табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Тиешелүү чечимге Атырау облусунун акими Серик Шапкенов кол койгонун “Азаттыктын” казак кызматы 7-апрелде жазды.

Ушул күнү бул аймакка премьер-министр Олжас Бектенов барып, жарым-жартылай суу каптаган Күлсары шаарындагы абал менен таанышты.

Акимчилик билдиргендей, Бектенов суусунун деңгээли көтөрүлгөн Урал жана Жем дарыяларын тик учак менен кыдырып көргөн. Соңку расмий маалымат боюнча, дарыяга жакын аймактан 28,5 миңден көп киши эвакуацияланган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жем дарыясынын жээгинде мурунку жылдары дыйкан чарбалары сууну үнөмдөө максатында курган жасалма дамбалар алынганы маалымдалган. Алардын бузулушу менен дарыянын нугун бурууга жана суунун Каспий деңизин көздөй тоскоолдуксуз агымын камсыз кылууга мүмкүндүк берилгени белгиленди.

Учурда Атырау облусундагы үч райондогу абал өтө курч бойдон калууда. Эки калктуу конуш менен транспорттук байланыш үзүлдү.

Өзгөчө кырдаал режими киргенине байланыштуу окуучулар онлайн окууга өтөт.

5-апрелден бери Күлсары шаарынан 15 миңдей адам чыгарылды. Калаада жалпысынан 66 миң киши жашайт. Бул жердеги 2600дөн көп турак жайларды жана административдик имараттарды суу каптады.

Бийлик Миялы, Аккөре, Жангелдин, Жаскайрат жана Көздикара аймагын суу каптоо коркунучу жоюлганын билдирди.

7-апрелде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганын, алар суу каптаган үйдү текшерүү үчүн трактор менен жүрүп, оодарылып кеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG