Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:01

Ереван Армения-Азербайжан сүйлөшүүсү туңгуюкка кептелгенин билдирди


Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян, 31-март, 2024-жыл
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян, 31-март, 2024-жыл

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян эки өлкө тынчтык келишими үчүн сүйлөшүүлөрдүн алкагында бир катар макулдашууларга жетишкени менен эки тарапта тең негизги эки маселеде ажырым бар экенин белгиледи.

6-апрелде Мирзоян Армениянын коомдук каналына эки өлкө калган тоскоолдуктардан бирге жол таап чыкса “Түштүк Кавказда бекем тынчтык орнотуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк” болорун айтты.

Ереван менен Баку азырынча өз ара аймактык бүтүндүктү таанууда жана чек араларды делимитациялоодо бир пикирге келе элек. Эки тарап тең бир катар маселелерде, аймакта транспорт байланышын калыбына келтирүүдө эки ача көз карашта.

Мирзоян жогорку деңгээлдеги жолугушууларда Ереван да, Баку да бири-биринин аймактык бүтүндүгүн 1991-жылкы Алматы декларациясынын негизинде таанууну бир нече ирет макулдашканы менен азербайжандар келишимдин долбооруна келгенде «көңүлсүнбөй» жатканын белгиледи.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосу комментарий алуу үчүн Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен азырынча байланыша алган жок.

5-апрелде Брюсселде Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жолугушту. Евробиримдик менен АКШ Ереванга жалпысынан 356 миллион доллар жардам берүүнү убада кылды.

Кремль бул жолугушууну Батыш өлкөлөрүнүн Түштүк Кавказды "геосаясий тирешке сүйрөө аракети" катары баалады. Расмий Баку Азербайжанды "изоляциялоо аракети жүрүп жатканын" билдирди.

Азербайжан былтыр сентябрда талаштуу Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу ок атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей этностук армяндар үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG