Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

Ташиев Искендер Матраимов боюнча да "маалымат бар" экенин билдирди


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

“Алар мамлекетти тоношкон. Биз көп убакыттан бери маалымат топтоп жүргөнбүз. Эми сотко өткөрүп беребиз. Сот аркылуу алардын мүлкүн конфискациялайбыз”, - деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Искендер Матраимов бул кылмыш ишинде фигурант эмес экенин, бирок ал тууралуу да маалымат алынганын, эми иш жүрө турганын кошумчалады.

УКМК Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалган. Алар 26-мартта Бишкекке алып келинген.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралган жараянда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Райондук сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Ушул эле күнү Ош шаардык соту мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган.

Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”, Тилек Матраимовго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимовдун өзүнүн арызынын негизинде анын депутаттык мандатын алган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Январь айында УКМК ага издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген.

XS
SM
MD
LG