Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчылары экстремизм-терроризмди талкуулашты


ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он тогузунчу жолугушуусу өттү. Ага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов да катышып, сөз сүйлөдү.

Президенттин сайтында жазылган маалыматка караганда, Иманкулов сөзүндө экстремизм жана терроризмдин күчөөсүнөн дүйнөгө коркунуч жаралып, акыркы убактарда эл аралык террордук уюмдардын активдүүлүгү өсүп жатканын айтты. Ошондой эле учурда дүйнөлүк саясатта болуп жаткан окуялардан улам ШКУнун мейкиндигинде коопсуздукту начарлатууга жана мамлекеттер аралык байланыштарды бузууга багытталган коркунучтар болуп жатканын белгиледи.

Ал коопсуздукту бекемдөө үчүн уюмдун макамын бекемдеп, аймактын туруктуулугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуунун үстүндө бирге иш алып барууну сунуштады.

ШКУ алкагындагы жолугушуунун аянтчасында Марат Иманкулов Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен сүйлөштү. Анда эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүү маселеси талкууланды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен да жолугушту.

ШКУну 2001-жылы Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик менен күрөшүүчү уюм катары негиздеген.

2017-жылды Индия менен Пакистан уюмга толук кандуу мүчө катары кошулган. Иранды кошуп эсептегенде, азыр ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти. Андан тышкары үч өлкө – Ооганстан, Беларус жана Монголия байкоочу макамына ээ.(ZKo)

XS
SM
MD
LG