Улуу Британияда ирандык журналист кол салууга кабылган окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу бүгүн 3-апрелде Лондон полициясы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 29-мартта болгон – бозгундагы журналист Пурия Зераатиге белгисиз бирөөлөр бычак менен кол салган, ишти контртеррордук башкармалык тергеп жатат, бирок кылмыш кандай негизде жасалганы аныктала элек.
Зераати бутунан жараат алганы, кол салууга шектүү катары үч киши аныкталганы, алар окуя болгон жерден машина менен, андан соң бир нече сааттан кийин учакка түшүп качып кетүүгө үлгүргөнү айтылды.
Журналист Ирандын бийлигин сындаган көрсөтүүлөрү менен белгилүү эл аралык телеканалда иштейт. (RK)