Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

Токтогул суу сактагычына агып кирген суу менен агып чыккан суунун көлөмү теңелди


Токтогул ГЭСи. (архив)
Токтогул ГЭСи. (архив)

2-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,2 млрд метр кубду түздү. "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, ушу тапта суу сактагычка секундасына 301 метр куб суу агып кирсе, агып чыккан суунун көлөмү да ошончо болууда.

Бир ай мурда, 2-март күнү Токтогул суу сактагычына секундасына 172 метр куб суу агып кирсе, андан агып чыккан суу секундасына 814 метр кубду түзгөн.

Марттын башында Кыргызстанда эки негизги - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.

Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарыкты убактылуу өчүрүү токтотулганын билдирген.

Токтогул суу сактагычынын ойдуңуна 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG