Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:14

"Крокус Сити Холлдун" ишине шектүү чеченстандык жаран каза тапты


Орусиянын күч кызматкерлери абактын жанында. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын күч кызматкерлери абактын жанында. Иллюстрациялык сүрөт.

"Крокус Сити Холл" концерт залындагы терактка шек саналып кармалган Чеченстандын жараны Асхаб Успанов Москва полициясынын имаратында каза тапканы кабарланды. Такталбаган маалыматтар боюнча ал кыйноого алынган.

Успановдун өлгөнүн "Агентство" басылмасына апасы ырастаган. Анын айтымында, уулун теракттан кийин аялынын жумушуна бара жаткан жеринен кармап кетишкен. Успанов жубайына телефон чалып, "буларда мага каршы эч нерсе жок" деп, артынан келбей эле коюу керектигин айткан. Бирок кийинчерээк дагы телефон чалып, полиция кызматкерлерине орой мамиле жасап койгонун, келиши керектигин айткан. Аялы эки сааттан кийин полиция бөлүмүнө барганда ага күйөөсү суицид кылганын кабарлашкан.

29-мартта Успановдун өлгөнүн оппозициялык 1ADAT Телеграм-каналы жазып, маркумдун кабыргалары жана омурткасы сынганын, денесинде муунтуудан калган жана башка көгала тактар болгонун жарыялады. 1ADAT өлүкканада Успановдун сөөгү тартылган тасманы жарыялап, полиция кылмышын жашыруу үчүн анын өлүмүн суицид деп билдиргенин жазды.

Маркумдун апасы уулу мусулман катары жанын кыйбай турганын, анткени исламда суицид күнөө болорун билдирген. Успановдун үй-бүлөсү анын концерт залдагы терактка тиешеси жоктугун бекемдөөдө.

"Крокус Сити Холлдогу" каргашалуу окуядан кийин Орусияда славян тектүү эмес мигранттарды кармоо күч алганы кабарланууда. Мигранттар күч кызматкерлеринин басымына жана ксенофобия күч алганына даттанышууда. Аларды сабап, жашаган жерине кирип барып, өлкөдөн чыгаруу күч алды.

Тажикстандын терактка шектүү төрт жараны бөгөт чарасын караган сотко денеси көгала болуп, башы-көзү жарылган тейде, бирөө эс-учун жакшы билбеген абалда майыптык араба менен алып келинген. Интернетте терактка шек саналып кармалгандарды кыйнап жатышканы тартылган тасмалар тараган.

XS
SM
MD
LG