Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Эркин журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка камалды


Эркин журналист Канышай Мамыркулова
Эркин журналист Канышай Мамыркулова

Эркин журналист Канышай Мамыркуловасот бөгөт чарасын аныктаганга чейин 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ("Массалык баш аламандыктар", "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча иш козголгон.

Журналист 20-март күнү кармалганы белгилүү болгон. Анын кызы Айжамалдын айтымында, алар Туңгуч кичирайонунда жайгашкан батирин сатыкка койгон болчу. 20-март күнү болжол менен 15:30дар чамасында Канышай Мамыркулова “үйгө кардар келиптир, жолугуп келейин” деп короого чыгып кеткен. Ошол бойдон аны белгисиз бирөөлөр бир жакка алып кетишкени маалым болгон.

Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” укуктук гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган.

Соңку 3-4-жылдан бери ал коомдо болуп жаткан саясий процесстер, адам укуктары жана мамлекеттик башкаруудагы кемчиликтер тууралуу өз ой-пикирин ачык айтып жүрөт. Көбүнчө социалдык медиага бийликти сындап жазып турчу.

Мурунку президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин тушунда Мамыркулова куугунтукка кабылып, аткаминерлер менен соттошуп, белгисиз бирөөлөрдөн зомбулук көргөн учурлары да болгон.

Мамыркулова тууралуу азыркы бийликти жактагандар менен фейк-фабрикалар социалдык тармактарда ар кандай каралаган постторду жазып келишет. Ошол эле маалда, коомдогу ар кандай көрүнүштөргө калыс пикир айтканын жактагандардын катары да калың.

Шерине

XS
SM
MD
LG