Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24

"Ак-Кулада" жылкы таптагандар суу өчүрүлгөнүнө нааразылык билдирүүдө


"Ак-Кула" ат майданындагы атканалардын бири. 1-апрель, 2024-жыл.
"Ак-Кула" ат майданындагы атканалардын бири. 1-апрель, 2024-жыл.

Бишкек мэриясы "Ак-Кула" ат майданынан жылкы таптаган ышкыбоздорду мыйзамсыз чыгарып, суусун өчүрүп салганын Ат спорт федерациясынын вице-президенти Александр Юлдашев "Азаттыкка" билдирди.

"Соңку төрт күндөн бери суу жок. Бул жерде багылып турган асыл тукум жылкынын ар бири кеминде миң доллардан турат. Аларды таптап, байгелерге даярдап аткан учурда суу абдан керек. Бирок мэрия бизди чыгышыңар керек деп, суубузду жаап, атканаларга мөөр басып кеткен. Азыр он атканада 400дөн ашуун жылкы бар, аларга күн сайын суу ташып келүү мүмкүн эмес. Айлабыз кеткенде кыргыз бийлигине кайрылып атабыз. Убагында биз акчага сатып алган атканалар үчүн чыгымды ким төлөп берет? Буга президент көңүл бурушу зарыл. Өлкө боюнча Чолпон-Ата жана Бишкекте гана ылайыктуу ипподром бар. Биздин жылкылар өлүп калса, ким жооп берет? Мэрия эч бир соттун чечимисиз эле, өзүнүн токтому менен гана бизди чыгарып жатат. Бул мыйзамсыз аракет", - деди Юлдашев.

Мэрия буга чейин ат ышкыбоздоруна имараттарды бошотуу керектиги алдын ала айтылганын, суу жана электр жарыгы өчүрүлгөнүн ырастады.

Буга чейин Бишкек мэриясы Термечиков көчөсүндө жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын мүлкү аукционго коюлуп, сатыла турганын билдирген.

Мекеменин маалыматына ылайык, шаардын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жобосун ишке ашыруу боюнча комиссия түзгөн. Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү боюнча бекитилген программа боюнча 10 күндүн ичинде аукцион өткөрүү милдети жүктөлгөн.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Ак-Кула” ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын 57,4 гектарды түзгөн аянтынын 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы март айында “Ак-Кула” ат майданынын ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдү куруп, ат майданды башка жерге көчүрүлөрүн билдирген. (KS)

XS
SM
MD
LG