Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

"Эс алуучулардан таштанды калып жатат". Ала-Арча коркунучтабы?


Ала-Арча капчыгайындагы туристтер. Архив.
Ала-Арча капчыгайындагы туристтер. Архив.

Дүйнөдөгү экологиялык жактан таза өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 126-сапка жайгашып, Борбор Азия боюнча да эң акыркы орунда калды. Анткен менен өкмөт экологияны коргоо иштери жүргүзүлүп, буга удаа эле экологиялык туризмге көңүл бурулуп жатканын билдирүүдө.

Кыргызстанда жаз алды менен эл жаратылышта эс алуу үчүн агыла баштайт. Экологдор ушундан улам табигый парктарга жана коруктарга чоң зыян келтирилип жатканын эскертүүдө. Эс алуучулар артынан тонналаган таштандыларды калтырып кетишет. Адистер эгерде мындай тенденция улана берсе, жакынкы келечекте Кыргызстан өзгөчө корголуучу аймактарынан ажырап калышы мүмкүн экенин коңгуроо кагууда.

Экоактивист, журналист жана “ЭкоМир” коомдук фондунун эксперти Влад Ушаков Кыргызстандагы жаратылыш парктарынын абалы анчейин жакшы эмес экенин жана адам буту баспаган табигый жерлер ошол абалда сакталышы керектигине карабай эс алуу аймагына айланып баратканын белгиледи. Ал буга өлкөдө башка эс алуу жайларынын уюштурулбаганы себеп дейт.

“Ошондуктан адамдар жакынкы жаратылыш парктарына чыгып эс алышат. Бул бир гана Чүй аймагында эмес, жалпы өлкө боюнча байкалган көрүнүш. Мисал катары Ош облусундагы Кыргыз-Атаны же Жалал-Абаддагы Сары-Челекти айтсак болот. Ал жердин корук макамы болгону үчүн мурда жөнөкөй адамдарды киргизчү эмес. Корук аймагына кирүү үчүн Улуттук илимдер академиясынан уруксат алыш керек болчу. Азыр деле коруктун макамы өзгөргөн жок, бирок ал жерге бир гана Жалал-Абаддан эмес, өлкөнүн бардык аймактарынан барып жатышат. Сезон маалында эл агылып жөнөйт. Бирок ал жер мынчалык көп сандагы адам жүрүүгө ылайык эмес. Адатта кайсы бир жерге барган адамдар жок дегенде бирден бөтөлкө суу ала барат. Суусун ичет да, идишин ошол жакка таштайт. Бөтөлкө ал жерде жүздөгөн жылдар бою жатат. Табиятта канча көп адам жүрсө, ошончолук антропогендик жүк болот”.

Ушаков табият коюнуна чыгуу менен жаратылышты бүлүндүргөн адамдардын саны өсүп жатканын белгиледи. Ал бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн жаратылыш парктарын жана коруктарды табияттын өзүнө эле калтырып, жаратылышта эс алууну каалагандар үчүн мамлекет өзүнчө зоналарды түзүп бериши керек деген ойдо.

Альпинизм менен алектенген медиа-адис Элиза Көчөрова Ала-Арча жаратылыш паркынын тагдыры тууралуу изилдөө жүргүзгөн. Анын Forset программасынын алкагында даярдаган эмгеги Ала-Арча жаратылыш паркында пикниктер уюштурула берсе, ал жердин тагдыры эмне болот?” деп аталат.

Көчөрова изилдөөдө “эс алуучулардын кайдыгер мамилеси жана калдыктар боюнча жетиштүү башкаруунун жоктугу табиятты булгап жатканын, туура башкаруу болбосо, мындай эс алуулар жашыл мейкиндикти таштанды аймагына айландырышы мүмкүн экенин” белгилеген.

Дүйнөдө экологиялык жактан таза өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 126-сапка жайгашып, Борбор Азия боюнча да эң акыркы орунда калган. Мындан тышкары Кыргызстанда соңку он жылда жаратылыш парктарына жана коруктарга бөлүнгөн каражат төрт эсеге көбөйгөнүнө карабай, бул жайлардын абалы начарлап баратканы белгиленген.

“Мындан 10-15 жыл мурда “Ала-Арча” суу сактагычы шаардыктар үчүн эс алуу жайы болгон, ал жер азыр таштандыга толуп жатат. Ала-Арч” паркы макамы боюнча эс алууга ылайыкташпаган. Антропогендик таасир бул жайды келечекте Ала-Арча суу сактагычынын абалына алып келип коюшу мүмкүн. Ошол себептүү экологдор паркты бизнес-объектиге айландырууга каршы болууда”, - деди Көчөрова "Азаттыкка" кат түрүндө берген маегинде.

Анткен менен Ала-Арча мамлекеттик паркынын жетекчилиги жаратылышты коргоого кам көрүлүп, парктын баштапкы кооздугун сактап калуу аракети жүрүп жатканын белгиледи. Парктын директору Талант Жекшеновдун айтымында, сезон маалында паркка күн сайын орточо 7 миң адам жана 900дөй унаа кирет. Ал парктын булганышын унаалардан чыккан газдардан көрөт. Ушуга байланыштуу күзүндө Ала-Арчанын аймагына күйүүчү май менен жүргөн унаалардын кирүүсүнө тыюу салуу пландалып жатканын айтты:

“Биз миң унаага ылайыкташкан токтотуучу жай курабыз. Эс алуучулар унаасын ошол жерге коюп, өткөрүү жайынан жөө өтүшөт. Андан ары жөө кеткиси келбегендер биздин электробустар менен барса болот. Биз электробустарды алуу боюнча Кытай менен макулдаштык. Парктын аймагына кирген автоунаалар экологияга кандай зыян тийгизип жатканын түшүнөбүз, ошондуктан алдын алуу планын даярдап жатабыз. Азыр парктагы таштандылар тазаланып, сезонго даярдык жүрүүдө. Мындан тышкары эс алуучулардын өз алдынча от жагып, тамак бышыруусуна, таштандыларын калтырып кетишине тыюу салалы деп жатабыз. Биз тамак даярдай турган атайын жайларды даярдап беребиз. Ошол жерде тамагын бышырып, таштандыларын да ошол жерге калтырып кетишет”, - деди Жекшенов.

Ал парктын аймагына салынган 22 коттеж жеңил конструкция менен экологияга зыян келтирбей турган шартта салынганын кошумчалады. Анын айтымында, алдыда башка жаңы коттеждерди салуу планы жок.

Йель университетиндеги Экологиялык саясат жана укук борбору чыгарган Environmental Performance Index рейтингинде Кыргызстан 2022-жылдын жыйынтыгы менен 126-орунга жайгашты. Анда 180 өлкөдөгү экологиялык абал 11 категория: абанын сапаты, санитария жана ичер суу, таштандыларды иреттөө, био ар түрдүүлүк, парник газын азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө карата чаралар жана башка факторлор боюнча баалоо жүрөт. Акыркы эки жылда Кыргызстан бул рейтинг боюнча 20 орунга артка кетти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул рейтинг кандай негизде жүргүзүлөрүн жана Кыргызстан кантип мынчалык артка кеткенин талдап чыгуу керек деген пикирде. Бирок мекеме өлкөдө жаратылышты коргоо боюнча иштер туруктуу жүруп жатканын билдирди.

Биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо департаментинин өкүлү Талантбек Турдуматов экологияны коргоо үчүн керектүү иш-чаралар жүргүзүлүп, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кеңейтүү аракети көрүлүп жатканын билдирди. Мындай аймактар учурда өлкөнүн жалпы аянтынын 7,8% ээлесе, аны 10% жеткирүү пландалууда.

“Биз мөңгүлөргө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Мыйзам долбоору жакында экинчи окууда каралат. Бул документ кабыл алынып калса, мөңгүлөр өзгөчө коргоого алынат. Мөңгүлөр бар жерлерге туристтер, альпинисттер көп барышат. Мисалы, Ленин чокусуна Совет доорунан бери альпинисттер көп каттап, азыр муз эригенде алар калтырып кеткен таштандылар түшүп жатат. Биз жапайы жаныбарлардын миграциясы жүргөн жерлерге эко-коридорлорду түзүп жатабыз. Булар да өзгөчө корголуучу аймактардын катарына кирет”, - деди Турдуматов.

Өзгөчө корголуучу аймактарга туристтердин кирүүсүнө көп деле тоскоолдуктар байкалбайт. Мисалы, 2023-жылы “Ала-Арчаны” кошпогондо жаратылыш парктарына 170 миң киши кирген.

Турдуматовдун айтымында, экологиялык туризмди өнүктүрүү макстатында туристтерге коруктарга кирүүгө уруксат берүү боюнча чечим кабыл алынган. Бул үчүн өкмөт атайын жобо иштеп чыккан. Анткен менен министрликтин өкүлү мындай шартта жаратылыш парктары жана коруктар туристтерге толуп калат деп айтууга болбойт дейт. Бул үчүн туристтерге так маршрут аныкталып, алар ошол багыт менен гана жүрүшү керек болот.

XS
SM
MD
LG