Рустам Орозбаев - PhD илимий даражасы бар окумуштуу, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Геология институтунда эмгектенет. Метаморфикалык формациялар лабораториясынын башчысы. Адисти "Азаттык" кепке тартты.
-Рустам мырза, адегенде Кыргызстандагы геология илиминин азыркы абалы, мааниси тууралуу учкай сүйлөшөлү.
-Геологиянын мааниси абдан чоң. Ошол эле өлкөбүздөгү Таян-Шань тоо кыркаларын алалы, кантип, качан пайда болгону, азыр кандай процесстер жүрүп жатканы тууралуу изилдөөлөр маанилүү жана кызыктуу деп ойлойм. Геология жерди, жер кыртышынын түзүлүшүн, курамын, геологиялык жараяндарды изилдейт.
Геология көп тармактуу. Ар бири түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзөт. Мисалы, инженердик геологияны алсак, ал жол курулушунда маанилүү. Жол каяктан өтүшү керек, жол өтө турган жерлер кандай, баарын геологдор тактайт.
Геологдорду “биринчи кадам таштай турган кишилер” деп коюшат. Мурун киши буту баспаган жерге геологдор барып, балкасын көтөрүп алып, ар кайсы ташты чапкылап, кен байлыктарды изилдешет.
Кен байлыктардын баарын геологдор тапкан. Биздин өлкөдөгү ошол эле Кумтөрдүбү, Жерүйдүбү, башкасынбы, убагында геологдор ачкан. Мисалы, Кумтөр Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн кеминде 15% берет. Эгер геологдор болбосо, аны ким тапмак?
- Кендерди чалгындоодо гана эмес, жол курууда, ГЭС салууда геологдордун корутундулары өтө маанилүү эмеспи. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жол курулуштарына геологдор канчалык катышат?
-Чоң жолдорду куруп жаткан компаниялардын өздөрүнүн инженердик-геологиялык бөлүмдөрү болсо керек. Ошол жердеги адистери изилдейт деп ойлойм. Бирок мен иштеген жерден – Геология институтунан адистер канчалык тартылып жатканын айта албайм.
Негизи, Кыргызстанда геология тармагы Советтер Союзу маалында аябай өнүккөн. Ошол учурда бул тармакка чоң каржы бөлүнчү. Кыргызстанда өзүнчө Геология министрлиги да болгон. Буга чейинки табылган кендердин баары – сурмасыбы, алтыныбы, көмүрүбү, күмүшүбү, баары советтик заманда табылган. Ар кандай экспедициялар болуп, түрдүү ачылыштар жасалган.
Тилекке каршы, эгемендүүлүк келгени бул тармакка көңүл буруу азайган. Агенттик болду, башкармалык болду, кийин департамент даражасына түштү. Геологдор азайды, адистердин көбү башка өлкөлөргө же жеке менчик геологиялык уюмдарга кетишти.
Эгемендик алганыбызга 30 жылдан ашты, бирок өз күчүбүз менен кен байлык таба элекпиз. Кен байлык табуу абдан керектүү нерсе. Мамлекеттин минералдык ресурстар базасын толтуруу үчүн иштеш керек. Албетте, геологдорго бүгүн акча берсең, эртең эле ачылыштарды жасап жибербейт. Бирок бир ачылыш жасаса, аны менен чоң пайда келтирет.
Мисалы, геологдор дагы бир Кумтөрдөй кенди тапса, ал деле экономикага салым эмеспи. Ал үчүн жылдар керек, ресурс керек, каржы керек. Бул оңой эмес. Муну эмнеге айтып жатам? Кумтөр дагы бир күнү түгөнөт, Жерүй дагы түгөнөт. Андан ары иштетиш үчүн жаңы ачылыштар жок да. 10-15 жылдан кийин эмне болот?
Ошентсе да, мурункуга караганда азыр кичине көңүл бурула баштады. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз геология деген бөлүм ачылып, адашпасам, быйылкыга бир миллиард сом бөлүндү.
-Кыргызстандын азыркы шартында кайсы багыттагы геологиялык изилдөөлөргө көнүл бурулуп жатат? Кандай кыйынчылыктар же тоскоолдуктар бар?
-Эң негизги кыйынчылык – адистер. Мамлекет канча акча бөлгөнү менен, күчтүү адистер башка жакка кетип калган болсо, жаш студенттер бул тармакты өздөштүргөнчө эмне болот, ушул жагына көңүл буруу керек. Илимий жагынан алсак, Геология институтунун лабораторияларына да заманбап жабдууларды сатып алып беришсе, иштетип, натыйжаларды көрсөтөт элек.
Изилдөө жүргүзгөн адистердин эмгектерин илимий жактан тастыктап бергенге мүмкүнчүлүктөр жаралса, чоң иш болмок. Илимдер академиясынын Геология институтундагы чоң көйгөй – каржы. Биз илимий ишканабыз. Бирок лабораториялык жабдууларыбыз эски, өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы жабдуулар менен эч нерсе кыла албайбыз. Колубуз байлануу.
Жакшы адистерибиз бар, жаштардан 20дай кесиптешибиз Жапониядан окуп келишти. Кытайдан, Германиядан билим алып келгендер бар. Кээ бирлери айлыктын айынан кетип калат. Бир ай же жарым жыл иштеп, 7000-8000 сом маянага көңүлү келбей, жеке менчик уюмдарга кетип калышат. Мамлекет бизди колдосо, чет элден окуп келген адистерибиз жакшы натыйжаларды көрсөтөт эле. Илимпоздорубуз ар кандай анализдерди жасап, аны жайылтмак.
-Кендерди изилдөө үчүн же жол куруу тармагындагы изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн чет элдик адистер келгени тууралуу утур-утур угуп калабыз. Кыргызстандык адистер чет элдиктер менен теңтайлаша алабы?
-Бул өтө жакшы суроо болду. Кыргызстанга чет мамлекеттен геологдор келишет, чогуу кызматташууну сунушташат. Бизде заманбап жабдуулар жок дебедимби. Тоого, талаага чыга алабыз, таштарды алып келе алабыз, аны кесип, микроскоптон карай алабыз. Бүттү. Чоң аналитикалык лабораториялык жабдуулар бизде жок. Чет мамлекеттик коллегаларыбызда бар. Алар келишет, жыйноочу материалдарды жыйнайбыз. Алар алып кетишет.
Изилдешет, илимий эмгектерди жарыялашат, өздөрү колдонушат. Кыргызстандык геологдорду авторлош кылып кошуп коюшу мүмкүн. Эмгек алардыкы болуп калат. Чогуу иш кылган биз кала беребиз, ушунусу кыжалат кылат. Эгер бизге да каржылык жагы чечилип, жабдууларыбыз болсо, ошол чет элдик адистер менен тең ата сүйлөшө алмакпыз.
-Кыргызстандык геологдор тапкан ачылыштарга көңүл бурулбай калган учурлар барбы? Мисалы, изилдөөчүлөр кандайдыр бир табылганы сунуштады дейли, бирок маани берилбей калып кеткен эмгектер болобу?
-Көп жылдан бери агроруда тармагында да иштеп келатабыз. Агрорудага глауконит, трепел, фосфориттер кирет. Академик Апас Бакиров баштаган топтун геологиялык изилдөөсүнүн жыйынтыгында Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Кызыл-Токой деген жерден глауконит кени табылган. Адашпасам, 2005-2006-жылдары. Изилденди, бирок каржы жоктугунан толук иш жасалбай калды. Балким жеке менчикке өтүп да кеткендир.
Глауконит – экологиялык таза жер семирткич. Эч кандай химиялык кошулмасы жок. Аны мал-жандыкка жемге кошуп берсе болот, айыл чарбасында жер семирткич катары колдонсо болот. Алты ай тажрыйба жасалганда, аны жеген уйлардын сүтү көбөйгөн. Жердин түшүмдүүлүгү жогорулаган. Ал кен табылган жер чоң болчу. Азыркы тагдыры жөнүндө толук маалыматым жок. Жеке изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын билем, бирок мамлекеттик деңгээлге чыкпады.
- Сиз айткан долбоорго мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулса натыйжасы кандай болмок?
-Мисалы, жыл сайын Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн миллиондогон каражатка жер семирткич ташып келишет. Анын ордуна экологиялык жер семирткичти колдонсок, мамлекетке да, элдин чөнтөгүнө да пайда болмок. Биз Илимдер академиясы аркылуу өкмөткө долбоор жазганбыз. Биздин гелогиялык маалыматтар боюнча ошондой кендер Фергана өрөөнүндө көп болушу ыктымал. Жалал-Абаддан тышкары, Ош, Баткен облустарынан тапканга мүмкүнчүлүк бар. Биз ошону изилдеп, таап берсек, андан ары мамлекет иштетип кетмек.
Геолог Рустам Орозбаев менен маекти толугураак "Жер Эне"подкастынан угуңуз?