Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:53

Бишкекте этностук кыргыздардын маданияты, тарыхы талкууланды


"Этностан" маданий борбору уюштурган иш-чара.
"Этностан" маданий борбору уюштурган иш-чара.

Бишкекте этностук кыргыздардын башын бириктирген жыйын өттү. "Этностан" маданий борбору уюштурган иш-чара Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун 70 жылдыгына арналган. “Кыргыздын Манасы, адамзаттын айкөлү” деп аталган конференцияга коомдук жана саясий ишмерлер, манасчылар, маданият тармагынын өкүлдөрү, кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык оогандык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында этностук кыргыздардын маданияты, алар Манас эпосун кантип сактап келе жатканы боюнча докладдар окулуп, маалыматтар берилди.

Конференция этностук маданиятты жайылтуу, маданий-гуманитардык байланыштарга көпүрө болуу, аларды колдоо менен катар этностук маданияттын өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган.

Этностук кыргыздардын маданиятын, кол өнөрчүлүгүн даңазалаган "Этностан" маданий борбору 2021-жылы негизделген. Анын максаты Кыргызстан менен этностук кыргыздардын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды колдоо.

2024-жылы Кыргызстанда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда кол койгон. Анын алкагында 30дан ашык иш-чара пландаштырылган.

Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG