Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:09

Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке жеткирилгени кабарланды


Райымбек Матраимов. Архив сүрөт.
Райымбек Матраимов. Архив сүрөт.

Эл аралык издөөдө жүргөн, кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгенин “Азаттыктын” ишенимдүү булактары маалымдады.

Жергиликтүү басылмалар дагы Райымбек Матраимов менен кошо бир туугандарынын бирөө кармалып, Бишкекке алып келингенин күч органдарындагы өз булактарына таянып жазышты.

Flightradar порталы көрсөткөндөй, Бакудан чыккан учак "Манас - 2" аэропортуна саат 20.00дө конду. “Азаттыктын” аэропортко барган кабарчылары аба майданга күч органдарынын кызматкерлери түшкөн машине келгенин, учак конгон соң тилкени көздөй кеткенин көргөн. Бир саамдан кийин ал машине аба майдандын дарбазасынан чыгып, түз эле шаарды көздөй бет алган.

Азырынча кыргыз бийлиги эч кандай комментарий бере элек.

“Манас” аэропорту. 26-март, 2024-жыл.
“Манас” аэропорту. 26-март, 2024-жыл.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталганын билдирген. Атайын кызмат Матраимовду кармоо боюнча Азербайжанга тийиштүү кат жөнөткөнүн, Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси сүйлөшүлүп жатканын кабарлаган.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Январь айында УКМК Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган. Матраимовго издөө жарыяланган. Ал өзү коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG