Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

"Крокус Ситиде" каза болгондор 137ге жетти, 68инин тек-жайы аныкталды


24-март Орусияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
24-март Орусияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Орусияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 68инин тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Тергөө комитети билдирди.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскерип жатышат.

Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын”, украин тарапта “тийиштүү байланыштары” бар болгонун жана алар орус-украин чек арасынан өтүп кетүүнү көздөгөнүн, баары Москвага жеткирилгенин маалымдады.

Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин маалымдады, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып чыгышты. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 23-мартта билдирүү таратып, журналисттерди тажик жарандарынын Орусиядагы кол салууга тиешеси тууралуу маалымат боюнча жоопкерчиликтүүрөөк болууга чакырды. Ал эми бул өлкөнүн Ички иштер министрлиги 23-марттагы билдирүүсүндө Москвадагы окуяга байланыштуу издөө жарыялангандар арасында үч тажик жараны бар экени жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарланып жатканын, бирок алардын эч тиешеси жоктугун, анткени экөө азыр мекенинде экенин, ал эми үчүнчүсү ошол учурда Самара шаарында болгонун билдирди.

Каза тапкандар же жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар же жогу боюнча маалымат текшерилип жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 24-мартта кабарлады.

Бул окуядан кийин Москвада мигранттарды текшерүү күчөдү. 23-мартта “Шереметьево” аэропортуна учуп барганда кармалып, кое берилбей жатканын айрымдары “Азаттыкка” айтып беришти.

XS
SM
MD
LG