Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Арменияда полиция имаратында жарылуу болду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Арменияда бүгүн 24-мартта полиция мекемесине кирип барган куралчан үч кишинин экөө жараат алганын «Азаттыктын» армян кызматы билдирди. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нарек Саргсян алар "өзүлөрүнүн айынан жабыркаганын", абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышканын, бири 52де, экинчиси 56 жашта экенин айтты.

Окуя борбор калаа Еревандын Нор-Норк районунда катталганы, имаратка кирүүгө аракет кылган үчүнчү кишинин колунда граната болгону, ал кармалганы маалымдалды.

Кол салгандар кандай талап койгону боюнча расмий маалымат бериле элек.

Социалдык түйүндөрдө тараган видеодон имараттын ичинде жарылуу болгонун, терезелер талкаланганын угууга болот.

Жараат алган эки киши ооруканага жеткирилгени, үчүнчүсү полициянын имаратында кармалып турганы кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG