Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

УКМК Матраимов Бакуда экенин, ага байланыштуу криминалдар кармалганын билдирди


УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.
УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимов Азербайжандын Баку шаарында экени аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат Матраимовду кармоо боюнча Азербайжанга тийиштүү кат жөнөткөн. Учурда аны кармоо жана Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси сүйлөшүлүп жатат.

УКМК буга чейин Кыргызстанда кармалган азербайжандык трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен Матраимовдун байланышы аныкталып, алар Кыргызстандын мамлекет жетекчилерине кол салууну пландап жатышкан деп билдирди.

Атайын кызмат буга чейин трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жараны - В.М. Алиев, С. А. Багхиров, М. О. Асгаров, М. С. Бехбудров жана З.И. Маммадов кармалганын билдирген.

“Алынган ыкчам маалыматтар боюнча М.О. Асгаров криминалдык чөйрөдө "селсаяк" (бродяга) статусуна ээ. Ал криминалдык чөйрөнү бекемдөө жана идеологиясын жайылтуу, ошондой эле өзүнүн макамын жогорулатуу максатында бүткүл постсоветтик мейкиндикте таасир эткен уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөшүү боюнча мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуу өлкө жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн өзүнүн аталган шериктери менен Кыргызстандын аймагына келген”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Шектүүлөр 22-мартта кармалган. УКМК кармалган чет өлкөлүк уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргызстандагы криминалга каршы күрөшкө бут тосууну пландаганын билдирди.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган. Матраимовго издөө жарыяланган. Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG