Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

Каспий деңизи кескин тартылууда


Метеорология журналы Каспий деңизинин гидрометеорологиясы боюнча координациялык комитетинин (CASPCOM) маалыматына таянып, 2022-жылы деңиз 27 метрге, 2021-жылы 20 метрге тартылганын жазды. 2023-жылдын июнь айында деңиз деңгээли 28,82 метрге чейин тартылганын кошумчалады.

Эксперттердин айтымында, Каспий 2005-жылдан бери тартылууда.

Каспий деңизинин тартылышы анын жээгиндеги өлкөлөргө олуттуу экономикалык жоготууларды алып келип, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. Былтыр деңиздин тартылып баратканына байланыштуу Казакстандын Актау шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (AiA)

XS
SM
MD
LG