Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

УКМК 20 миң доллар пара талап кылган салыкчы кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салык кызматынын кызматкери ишкерден 20 миң доллар пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, 19-мартта Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

“Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери Ж.Б.Ж. ишкерлердин биринен салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутуп, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда шектүү атайын кызматтын тергөө абагына камалып, Кылмыш жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”) менен иш козголду. Учурда тергөө башталып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG