Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:28

Көк бөрү: "Ынтымак" командасы чемпион болду


"Ынтымак" жана “Достук” командаларынын финалдык беттеши. 21-март, 2024-жыл.
"Ынтымак" жана “Достук” командаларынын финалдык беттеши. 21-март, 2024-жыл.

Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү болду. Финалдык беттеште "Ынтымак" командасы Оштун “Достук” командасы менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңди. Ушуну менен Таластан чыккан команда тогузунчу жолу (2007-жыл, 2014-жыл, 2017-жыл, 2018-жыл, 2019-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл, 2023-жыл) аталган мелдеште утту.

Бул лигада 3-орунду“Сары-Өзөн” командасы ээледи. Чүйдүн командасы коло байге үчүн беттеште "Мурас" командасын 7:1 эсеби менен жеңди.

Биринчи лигада "Намыс" командасы "Кара-Кулжа" командасын 3:0 эсеби менен утуп, чемпион болсо, Экинчи лигада Баткендин "Ак-Илбирс" командасы жеңүүчү болду. Легендалар лигасын "Сары-Өзөн" командасы утту.

Курулушу жаңы башталган ат майдан. 21-март, 2024-жыл.
Курулушу жаңы башталган ат майдан. 21-март, 2024-жыл.

13-мартта башталган көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешине 39 команда катышты. Алар төрт лигага бөлүнүп ойноду. Жогорку лига - 6 команда, Биринчи лига - 11 команда, Экинчи лига - 16 команда жана Легендалар лигаcында 6 команда.

Нооруз-2024 республикалык мелдешинин тайпалык жана жарым финалдык оюндары "Ак кула" ат майданында, финалык беттештери курулушу жаңы башталган ат майданда өттү.

Финалдык беттеш алдында президент Садыр Жапаров ат майдандын курулушуна капсула салды. Жаңы ат майдан Сокулук районунун аймагында - Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот. (GT)

XS
SM
MD
LG