Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Блинкен Газа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Жакынкы Чыгышка кайра барат


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газа маселесин талкуулоо үчүн ушул аптада Жакынкы Чыгышка иш сапары менен барарын 19-мартта Мамлекеттик департамент билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Сауд Арабиясынын жана Египеттин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Талкуулана турган негизги маселе – Израилдин жана ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) ортосунда Газа секторундагы атышууну токтотуу, барымтадагы израилдиктерди бошотуу тууралуу мунасага жетишүү.

Шейшемби күнү Филиппиндеги иш сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Блинкен Газада гуманитардык кризис чегине жеткенин, ал жактагы жай тургундардын абалы өтө оор экенин айтты. Ошону менен катар ал Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун да эске алуу зарылдыгын кошумчалады:

«Биз биринчи күндөн тартып айтып келе жатканыбыздай эле, Израил өзүн коргоого, 7-октябрдагы сыяктуу окуя кайталануусуна жол бербөөгө, калкын коргоону артыкчылык кылууга толук милдеттүү».

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жалпысынан сектордо азыркы согуш башталгандан бери каза тапкандар 31 миңден ашты.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн.

Блинкен буга чейин аталган аймакка бир нече жолу барып, сүйлөшүү жүргүзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG