Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыковдун “ККМ кимдир бирөөнүн бизнеси” деген билдирүүсүнө жооп берди.
Анда ККМди сатууда ачыктык бар экенин жана ишкерлерди колдоо максатында Салык кызматы акысыз 10 миң аппарат таратканын, дагы 32 миңди алып келүү планы бар экени айтылат. Өлкө аймагы боюнча учурда ККМдин 33 түрү колдонулат. Аларды тейлөө үчүн жеке компаниялар катышкан 26 техникалык борбор иштейт. ККМдин баалары жана тейлөө тарифтери өзгөрүп турат.
Салык кызматы эл аралык тажрыйбада ККМди киргизүү көмүскө экономика менен күрөшүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
“Көзөмөл-кассалык машина - төлөмдөрдү көзөмөлдөө жана фискалдаштыруу үчүн колдонулуучу аппарат. Ал бардык соода операцияларын белгилеп, сатып алуучуга чек берет жана маалыматтарды автоматтык түрдө Салык кызматынын бирдиктүү маалымат системасына жөнөтөт”, - деп айтылат маалыматта.
12-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Бакыт Сыдыков ККМ аппараттарды сатуу кимдин бирөөнүн бизнеси болгон үчүн аны киргизүү ишке ашпай жатат деп сындаган.
Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.
Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.
Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылган. (TSh)