Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Базарбеков ишти мыйзамсыз тергегендердин жоопкерчилигин көтөрдү


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку Cоттун төрагасы Замирбек Базарбеков кесипкөй эмес жана коррупциялык иштерге аралашкан судьялар менен күрөш улантыла турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 15-мартта жергиликтүү соттор менен видео байланыш менен өткөргөн жыйынында айтканын Жогорку Cоттун басма сөз кызматы билдирди.

Замирбек Базарбеков мындан тышкары ишти мыйзам бузуу менен тергеп сотко өткөргөн укук коргоо кызматкерлеринин жана ага көзөмөл кылган прокурорлордун жоопкерчилигин күчөтүү сунушун берерин кошумчалады.

“Сот тутуму тарабынан мындан ары акталган адамдарга карата моралдык жана материалдык чыгымдарды мамлекеттин бюджетинен эмес, мыйзамдын талаптарын бузуу менен ишти соттун кароосуна өткөрүшкөн укук коргоо кызматкерлеринен, ага көзөмөлдүк кылган прокурорлордон өндүрүү жөнүндө мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз. Мыйзамсыз сот актыларын чыгарышкан соттор да мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылуулары керек”, - деди ал.

Замирбек Базарбеков 26-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда 2023-жылы 200дөн ашык адамга актоо өкүмдөрү чыкканын айткан. Ошол эле жыйында ал өлкөдө соттор толук көз карандысыз боло элек экенин моюнга алган.

Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылынып келе жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG