Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Каракалпак активисти Акылбек Муратовго каршы иш козголгону маалымдалды


Акылбек Муратов.
Акылбек Муратов.

Өзбекстандын Каракалпак аймагында Казакстанда кармалып турган активист Акылбек Муратовго (Акылбек Муратбай) кылмыш иши козголгонун 14-мартта “Азаттыктын” казак кызматы билдирди. Бул тууралуу радиого каракалпак активистинин бир тууганы Фариза Нарбекова кабарлаган.

Эки апта мурда Польшанын борбор шаары Варшавада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) конференциясы өткөн. Нарбекованын айтымында, ал жыйындын катышуучуларынын назарына Акылбек Муратовдун каракалпактар кабылып жаткан куугунтук тууралуу жазган баяндамалары сунуш кылынган, Каракалпакстандын бийлиги ошол баяндамалардын текстинде “диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеялары” бар деген тыянактын негизинде иш козгогону белгилүү болду.

Нарбекова 2023-жылдын октябрында Муратовдун Өзбекстандагы туугандарын бул өлкөнүн атайын кызматы коркутуп-үркүткөнүн, ноябрь айында Каракалпакстан анын өзүнө издөө жарыялаганын жана камакка алуу туралуу чечим чыгарганын, муну өзү кийин билгенин айтып берди.

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери, Өзбекстандын жараны, соңку 10 жылдан бери Казакстанда мыйзамдуу жашап келаткан 35 жаштагы активист Алматыда 15-февралда Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалып, эки күндөн кийин 40 суткага камакка алынган. Ал Х социалдык түйүнүндө ( мурдагы Twitter) орус жана англис тилдеринде Өзбекстандын Каракалпакстан аймагындагы окуялар, адам укуктарынын бузулушу тууралуу активдүү жазып, журналисттер жана эл аралык укук коргоо уюмдары үчүн маанилүү маалымат булактарынын бири болуп турган.

Өзбекстанда ага «жапырт башаламандыкка чакырган», «коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч келтирүүчү материалдарды жасоо, сактоо, жайылтуу» деген айыптар тагылып, иш козголгон. Бул үчүн ал жалпысынан 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. Уюм Астананы Казакстанда кармалган каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөгөн, алар мекенинде куугунтукка жана кыйноого кабыларын эскерткен. Буга чейин казак бийлиги алардын айрымдарына башпаанек берүүдөн баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG