Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Гумжардам кемеси алгачкы деңиз коридору аркылуу Газага жөнөп бара жатат


Газага гумжардам жеткирүүчү кеме.
Газага гумжардам жеткирүүчү кеме.

Беш айдан берки согуштун айынан каатчылык жаралган Газа секторуна биринчи жолу деңиз аркылуу түзүлгөн гуманитардык коридор менен жардам алып бараткан кеме сапарын улантууда. Бул тууралуу бүгүн 14-мартта France-Presse маалымат агенттиги билдирди.

Америкалык World Central Kitchen кайрымдуулук уюму чогулткан 200 тонна азык-түлүк жана башка эң зарыл нерселер жүктөлгөн Open Arms кемеси жолго 12-мартта Кипрдеги Ларнака портунан чыккан.

Газа үчүн алгачкы деңиз коридорун ачуу тууралуу чечимди Европа комиссиясы жана эл аралык донор уюмдар 8-мартта биргелешип кабыл алышкан.

Ал Газа анклавынын Газа шаарынын түштүк тарабындагы жээгине барып токтойт.

Израил деңиз коридору ачылганын кубаттай турганын билдирген, бирок коопсуздук үчүн текшерүү уюштуруларын эскерткен.

Amnesty International жана Oxfam баштаган 25 эл аралык уюм гуманитардык жардамды учак менен асмандан таштоо же деңиз коридорун ачуу баары бир жер аркылуу жеткирүү ыкмасына альтернатива боло албай турганын, натыйжалуу эмес экенин 13-мартта билдиришти.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 31 миңден ашуун палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант соңку билдирүүсүндө израил аскерлери ХАМАСты жок кылыш үчүн бардык жерге жетерин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG