Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Байсалов "Чет элдик өкүл" мыйзамы жарандык коомго таасир этпей турганын билдирди


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам жарандык коомдун ишмердигине коркунуч жаратпайт деп билдирди.

Байсалов бул тууралуу 14-мартта онлайн брифингде маалымдап, мыйзам долбооруна карата айтылып жаткан сындар менен кооптонууларды четке какты.

"Жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдар биздин демократиялык жашообуздун бир бөлүгү. Эч ким чечимдерди кабыл алуудагы конституциялык укугунан ажыратылбайт. Алардан талап кылган бир гана нерсе - каржы булактарын так, даана көрсөтүүсү керек. Мындай маалыматты алардын донорлору деле талап кылышат", - деди Эдил Байсалов.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.

Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Мыйзамга ылайык, “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен. (KbA/ZKo)

XS
SM
MD
LG