Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Ошто башкы эки көчөдө бак-дарак кыйылып, жаш көчөттөр отургузулат


Ош шаарынын кире бериши
Ош шаарынын кире бериши

Ош шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана жашыл аянттарды кеңейтүү боюнча 14-мартта коомдук талкуу өттү.

Анда Курманжан Датка көчөсүндөгү картайган бак-дарактарды кыюу маселеси көтөрүлдү. Коомдук угууга шаар тургундары, калаа бийлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү жана экологдор катышты.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев берген маалыматта бул жылы Курманжан Датка көчөсүндөгү 1000ден ашык дарак түп-тамыры менен алына тургандыгы айтылды.

"Биринчи этапта Алишер Навои көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнө чейинки аралыктагы 560 түп дарак алынат. Анын ордуна клен көчөттөрү тигилет. Экинчи этабында Абдыкадыров көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки аралыктагы 908 түп дарак кыйылып, анын ордун "штамп" деп аталган дарактын 1200 көчөтү отургузулат", - деди Жунусбаев.

"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева дарактарды алмаштырууда тийиштүү эрежелердин баарын сактоого чакырды. Мындан сырткары шаардагы дарактарды тизмеге алып, ар биринин аннотациясын тактоо зарылдыгын айтты.

Расмий маалыматтарга караганда, Ош шаарындагы бак-дарактар ушул учурга чейин инвентаризация боло элек. Жашылдандыруу чарба комбинаты шаардагы дарактардын саны 100 миңге жакын экенин билдирген. (DSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG