Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолгону байкалууда


Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында топтолгон унаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында топтолгон унаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайларында жүк ташуучу автоунаалардын топтолгонун маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 14-мартта саат 12:30га карата “Ак-Тилек-автожол” бекетинде 430 жүк ташуучу унаа турат. Маалыматка ылайык, өткөн суткада “Ак-Тилек-автожол” бекетинен Казакстанга карай 342 автоунаа чыккан. Ал эми “Чалдыбар-автожол” өткөрүү жайында Казакстанга багыт алган 90 жүк ташуучу автоунаа катталган.

Чек ара кызматы жүк ташуучу автоунаалардын топтолушуна сезондук жүктөрдүн агымы көбөйгөнү себеп экенин билдирип, тез бузулуучу азык-түлүк, жаныбарлар менен өткөн транспорт каражаттары кезексиз өткөрүлөрүн эскертти.

Чек ара кызматынын маалыматында эки тараптан тең жүк ташуучу автоунааларга эч кандай чектөө жоктугун белгиледи.

Кыргызстандан Казакстанга багыт алган жүк ташуучу автоунаалар чек арадагы өткөрмө бекеттерде топтолуп, бир нече күндөп кезек күткөн учурлары мурдагы жылдары да катталган. Эки өлкө бири-бирин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын так аткарбайт деп айыпташкан.

12-мартта Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитети 2024-жылдын 1-июлунан тарта ЕАЭБ KG (Кыргызстан) номурлары бар шайкештикти баалоо документтери менен коштолгон өндүрүмдөрдү Казакстанга киргизүүгө тыюу салууну сунуштады. Мекеме Кыргызстандын сапатты камсыздоо органдары шайкештикти баалоо боюнча документтерди текшерүүсүз жана мыйзам бузуулар менен берет деп эсептейт.

Кыргызстандын бийлиги муну эки өлкө мүчөлүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигинин ички рыногундагы атайылап жасалчу тоскоолдук катары баалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG