Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:41

АКШ Украинага 300 миллион долларлык аскердик жардам жөнөтөрүн маалымдады


Жейк Салливан.
Жейк Салливан.

АКШ администрациясы Украинага 300 миллион доллар өлчөмүндө аскердик жардам жөнөтөрүн билдирди. Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан каражат Пентагондун келишимдерден үнөмдөп калган акчасынын эсебинен берилерин журналисттерге 12-мартта кабарлады:

«Биз жарыялап жаткан бул чукул жардам жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системалар (HIMARS) үчүн артиллериялык снаряддардан жана ок дарыдан турат. Украина азыр Орусиянын чабуулдарынан коргонуу үчүн ошондой курал-жаракка өтө муктаж болуп турат».

Салливан бул жардам кыска гана мөөнөткө жетерин, андыктан пландалып жаткан башка долбоорлор да тезирээк ишке ашышы зарыл экенин белгиледи.

60 миллиард доллардын тегерегиндеги жардам тууралуу мыйзам долбоору АКШ Конгрессинде бир нече айдан бери талкууланып, кабыл алынбай жатат.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG