Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:33

Орусиянын бир нече шаарында согушка каршы активисттер жана сүрөтчүлөр тинтүүгө кабылды


Катрин Ненашева.
Катрин Ненашева.

Орусиянын бир катар шаарларында согушка каршы пикирин ачык билдирген сүрөтчүлөр менен активисттер тинтүүгө кабылып жатканын, айрымдарын күч кызматкерлери тинтүүдөн кийин алып кетип жатышканын бүгүн 12-мартта кээ бир маалымат каражаттары, телеграм-каналдар жазышты.

Санкт-Петербургда Федералдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү сүрөтчүлөр Катрин Ненашева жана Наташа Четверио жашаган үйгө кирип барып тинтүү жүргүзгөнү, алар «мамлекетке чыккынчылык» тууралуу иштин алкагында текшерилип жатканы кабарланды.

Күч кызматкерлери "Медиазона" басылмасынын мурдагы жетекчиси Петр Верзиловдун апасынын жана Pussy Riot тобунун мүчөлөрү Коновалова (Рита Флорес) менен Ольга Курачеванын да үйүн тинтүүгө алганы, Курачеваны суракка алып кетишкени маалымдалды.

Екатеринбургда сүрөтчү Илья Мозгини, Ульяновск шаарында сүрөтчү Илья Холтовду, Нижний Новгороддо сүрөтчү Артем Филатовду, Санкт-Петербурда активисттер Кристина Бубенцованы, Анастасия Михайлованы кармап кетишкени да кабарланды.

Активисттердин божомолунда, бул кармоолор сүрөтчү жана медиаменежер Петр Верзиловдун ишине байланыштуу болушу ыктымал. 11-мартта Москванын Лефортово райондук соту Верзиловдун ишин кайра кароого жөнөткөн. «Орус армиясы тууралуу фейктер» тууралуу бул иш анын Украинанын Буча шаарындагы адам өлтүрүүлөр тууралуу жазган посту үчүн козголуп, 8,5 жылга сыртынан эркинен ажыратылган.

Орусиянын жана Канаданын жараны Верзилов Москвадан 2020-жылы көчүп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG