Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:27

Казакстанда аялдар жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берилген жок


Активист Гүлбакыт Утебаева Алматыда пикет учурунда. Алматы. 24-февраль, 2024-жыл.
Активист Гүлбакыт Утебаева Алматыда пикет учурунда. Алматы. 24-февраль, 2024-жыл.

Казакстандын Алматы шаарынын акимияты 8-мартта Казакстанда аялдардын коопсуздугу темасына арналган жөө жүрүштү өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Маалыматка караганда, активисттер 8-март күнү жөө жүрүш өткөрүү үчүн арызды шаар бийлигине былтыр жайдан бери тапшырып келишкен. Алар акимчиликтин чечимине нааразы болуп сотко да кайрылышкан. Алматынын акимияты жөө жүрүштү өткөрүү “коомдук тартипке коркунуч келтирет” деген жүйө менен уруксат берген эмес.

Ал тапта Алматыда 7-мартта шаардык акимчилик менен макулдашылган “Аялдардын татыктуу жашоосу үчүн!” аттуу митинг өттү. Маалыматка караганда, ага 100гө жакын адам келген. "Азаттыктын" казак кызматы айрым катышуучулар аялдардын укуктарына байланышпаган темадагы плакаттарды көтөрүп чыгышканын жазды.

Митингде көп балалуу энелерге жөлөк пулду көбөйтүү, аялдардын пенсия курагын төмөндөтүү, нике келишимин мыйзам деңгээлинде киргизүү, улуттук каада-салтты сактоо жана ипотекалык программа тууралуу талаптар коюлган.

Айрым катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдардын сүрөттөрү менен келишкен.

8-марттагы жүрүштү өткөрүү демилгесин көтөргөн активисттер бийликтин мындай иш-чараларга тандалма мамиле жасап, айрымдарга уруксат кылып, кээ бирине терс жооп бергенине нааразы болушту.

Февраль айынын башынан бери Казакстанда 8-март күнү жөө жүрүшкө чыгууга уруксат берүү талабы менен пикеттер өтүп келген. (AiA)

XS
SM
MD
LG